Экономика министрлигинде коррупцияны алдын алуу боюнча жарандык коомдун институттары менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттешүүсү боюнча тегерек стол өткөрүлдү.

Новости
05-Ноябрь 2013-ж.
2530

Үстүбүздөгү жылдын 4-5-ноябрында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде Дүйнөлүк Банктын “Экономикалык башкаруу тармагында дараметин арбытуу” долбоорунун колдоосу менен “Коррупцияны алдын алуу боюнча жарандык коомдун институттары менен мамлекеттик башкаруу органдардын өз ара аракеттешүүсү” темасында мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктуу жактары жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары үчүн тегерек стол өткөрүлдү.

Семинардын максаты болуп коррупцияны алдын алуу боюнча жарандык коом институттары менен мамлекеттик башкармалыктын органдарынын өз ара аракеттешүү механизмдерин иштеп чыгуу жана талкуулоо саналат.

Максаттуу топ: коррупцияга каршы саясатты ишке ашырууга жооптуу ыйгарым укуктуу жактар, министрликтердин, ведомстволордун жана жарандык коомдун институттарынын Коомдук байкоочу кеңештери (КБК).

Өткөрүлгөн тегерек столдун алкагында төмөндөгү тематика боюнча презентациялар көрсөтүлдү:
- “Коррупция жана мамлекеттик башкаруу: себептери жана натыйжалары”;
- “Коррупцияны алдын алуу боюнча мамлекеттик башкаруу органдары менен жарандык коомдун институттарынын өз ара аракеттешүүсү”;
- “Мамлекеттик башкаруу органдарында коррупциялык схемаларды жана коркунучтарды алдын алуу жана ачыкка чыгаруу механизмдери”;
- “Коррупцияны алдын алуу боюнча мамлекеттик башкаруу органдары менен ИГОнун өз ара аракеттешүү тажрыйбалары”;
- “Коррупцияны алдын алуу жана ага каршы аракет жүргүзүү боюнча КБК тажрыйбалары”.

Мындан сырткары 5-ноябрда КР Коргоо кеңешинин өкүлү “Коррупцияны алдын алуу жана ага каршы аракет жүргүзүү боюнча Коргоо кеңешинин чаралары жана ролу” темасындагы баяндамасы менен катышты.

КР Коррупцияга каршы туруу ишкердик кеңешинин Башкы мүдүрү Нурипа Муканова белгилегендей коррупцияга каршы аракет кылууда мамлекет менен жемиштүү өз ара аракеттешүүгө кызыктар болгон жарандык коомдун институттарын издөө, тандоо же аныктоо коррупцияга каршы туруу саясатын эффективдүү камсыз кылуу контекстинде эң оор аспект болуп саналат.

Жыйынтыгында, Министрликтин коррупцияны алдын алуу саясаты бөлүмүнүн башчысы Тилек Саякбаев жарандык коомдун институттарынын мамлекеттик бийликтин органдары менен өз ара аракеттешүүсүндө катышкандыгын жогору баалап, жарандык коомдун институттарынын өкүлдөрүнө коррупцияга каршы туруу таалимин жана жарандардын юридикалык жактан билимдүү кылуу боюнча баштаган иштерин мындан аары колдоого жана күнүгө кезиктирип жаткан төмөнкү деңгээлдеги коррупциянын көрүнүштөрү менен күрөшүүгө чакырды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу