КР Өкмөтү менен РФ Өкмөтүнүн ортосунда мунайды жана мунай өнүмдөрдү жөнөтүү алкагында кызматташуу жөнүндө Макулдашуусуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Протоколго кол коюлду

Новости
13-Октябрь 2021-ж.
7454

2021-жылдын 12-октябрында Москва шаарында (Россия Федерациясы) Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министринин орун басары Эльдар Алишеров жана Россия Федерациясынын Энергетика министринин орун басары П. Сорокин Россия Федерациясынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ортосунда 2016-жылдын 6-июнундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда мунайды жана мунай өнүмдөрдү жөнөтүү алкагында кызматташуу жөнүндө Макулдашуусуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Протоколго кол коюшту. 

Ушул Макулдашуунун алкагында Кыргыз Республикасы жыл сайын республиканын чийки мунайга жана мунай продуктыларына (автомобильдик бензини, дизельдик майы, реактивдик кыймылдаткычтар үчүн майы) болгон ички керектөөсүнө ылайык мунай жана мунай продуктыларынын индикативдик балансын түзөт.

Эки өлкөнүн стратегиялык кызматташтыкты өнүктүрүүдө узак мөөнөттүү кызыкчылыктарын эске алуу менен, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы мунай продуктыларына болгон бааны турукташтыруу максатында тараптар 2021-жылга мунай жана мунай продуктуларынын индикативдик балансын карап чыгышып жана 2022-жылдын мунай жана мунай продуктыларынын индикативдик балансына кол коюшту.

Ушуга байланыштуу, мунай жана мунай продуктыларын бажысыз жеткирүү көлөмү жогорулады жана төмөнкүдөй каралды:

Аталышы

Кол коюлганга чейин

Кол коюлгандан кийин

Көлөмдүн жогорулашы

Чийки мунай

50 миң тонн

50 миң тонн

Автомобильдикбензин

460 ми ңтонн

650 миң тонн

+190 миң тонн

Дизельдик майы

485 тың тонн

550 миң тонн

+65 миң. тонн

Реактивдик кыймылдаткычтар үчүн майы

100 миң тонн

100 тыс. тонн

0

Битум

60 миң тонн

60 миң тонн

0

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу