Тегерек столдун жүрүшүндө билим берүү чөйрөсүндөгү коррупцияга каршы туруу көйгөйлөрү талкууланды.

Новости
29-Октябрь 2013-ж.
2614

"IMGҮстүбүздөгү жылдын 30 – октябрында “Билим берүү чөйрөсүндөгү коррупцияга каршы туруу көйгөйлөрү” темасында Экономика министрлиги Дүйнөлүк банктын “Экономикалык башкаруунун дараметин арбытуу” долбоорунун консультанттары менен биргеликте билим берүү системасындагы коррупциялык коркунучтарды талкуулап, коррупцияны алдын алуу механизмдерин иштеп чыгуу үчүн тегерек стол уюштурулду.

Өз кезегинде мамлекеттерди баалоонун негизги чен өлчөмдөрүнүн бири болуп адамдын капиталынын сапаты саналат, ал эми адамдын капиталын өлчөө чен өлчөмү болуп билимдин жана интеллектин (акыл - эстин) сапаты эсептелет. Билим бул ийгиликтүү мамлекетти куруунун негизги түбү болуп саналат. Бирок билим берүү системасындагы коррупция эчак эле кооптуу белгиге жакындап калган. Бул талашсыз факт.

шол себептүү, коомдо коррупциялардын көйгөйлөрүн ачык жана кеңири талкуулоо коррупция менен күрөштүн биринчи кадамы болушу керектиги тегерек столдун жүрүшүндө белгиленди.

Мындан сырткары Трансперенси-Интернешнл (Кыргызстан) жүргүзгөн орто билим алуу системасындагы коррупциянын деңгээли жөнүндө изилдөөлөрдүн жыйынтыктары, Эсеп палатасы тарабынан билим берүү мекемелерге жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары, МУКК ККТК тарабынан билим берүү чөйрөсүндөгү коррупцияга каршы жүргүзүлгөн иштери, «Ednet» КФ тарабынан жүргүзүлгөн ЖОЖдорду башкаруунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу боюнча иштери ж.б. жыйынтыктар көрсөтүлдү.
Бул жолугушууда билим берүү мекемелердин жетекчилери, мамлекеттик органдардын, коомдук жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышышты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу