Мамлекет тарабынан микро-, чакан жана орто ишкердикке колдоо көрсөтүүлөр уланууда

Новости
22-Сентябрь 2021-ж.
6893

Бүгүн, 22-сентябрда Президенттин жарлыгына ылайык, Экономика жана финансы министрлиги микро, чакан жана орто ишканаларга жардам көрсөтүү боюнча “Капитал банкы ААК” менен биргелешкен  документке кол коюшту. 


Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасына ылайык,  микро, чакан жана орто ишканаларга жардам көрсөтүү механизми жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин буйругу чыккан. Буга байланыштуу Дүйнөлүк банктын жана Азия инфраструктуралык инвестициялык банкынын колдоосунун негизинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги жеке жана финансылык секторго чукул колдоо көрсөтүү долбоорун баштады.


Долбоордун максаты - микро, чакан жана орто ишканаларга COVID-19 пандемиясынан келип чыккан кризистен чыгууда, экономиканын басаңдашын жеңил өткөрүүгө жана жумуш орундарын сактоого жардам берүү аркылуу колдоо көрсөтүү болуп саналат.


Долбоор 72 миллион АКШ доллары суммасында кайтарымдуу негизде пайызсыз финансылык жардам берүүнү каржылайт, бул болжол менен 6 миллиард 84 миллион сом.


Бул максаттарга жетүү үчүн тандоо жүргүзүлүп, төмөнкү коммерциялык банктар менен келишимдер түзүлдү:


- Азия Банкы,

- Финанс Кредит Банкы,

- Айыл Банк жана

- КБ Кыргызстан.


Сунуш Долбоордун шарттарына жооп берген Кыргыз Республикасынын бардык коммерциялык банктарына жөнөтүлгөн.


“Капитал Банк” ААК менен болгон бүгүнкү жолугушууну биз калктын финансылык жардам алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү жана Долбоорго катышкан банктардын санын көбөйтүү максатында уюштурдук. Учурда бенефициарларды каржылоо үчүн жогоруда үч банкка 125 миллион сом которулган.


Ошентип, көбүрөөк ишкерлер каржылык жардам алышат, бул ишканалардын иштешине жана жумуш орундарынын сакталышына оң таасирин тийгизет.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу