Экономика министрлигинде бүгүн КР Сапат премиясын тапшыруу боюнча жыйынтыктоочу отуруму болуп өттү.

Новости
29-Октябрь 2013-ж.
2635

"IMGБүгүн Экономика миннистрлигинин Чоң залында министр Темир Сариевдин катышуусу менен сынактын катышуучуларын баалоо боюнча Эксперттик комиссиянын жыйынтыктоочу отуруму болуп өттү.

Министр Кеңештин өкүлдөрүнө кайрылып жатып, сапат ар бир мамлекет үчүн - бул элдин жашоосунун деңгээлин жогорулатуу, таза экономика жана жарандардын коопсуздугу, экологиялык бейпилдик жана чет элдик рыноктордо товарлардын жана кызматтардын атаандаштыгы деп белгилей кетти.
Кыргызстанда бул сынак ушул жылы 13-жолу өткөрүлүп жатат.

Бул сынак тамак-аш товарларын чыгарган, кызмат көрсөткөн иш каналардын продукцияларын жана көрсөткөн кызматтарынын сапатын жана коопсуздугун жогорулатууга демилгелейт.

Республика боюнча сынакта 97 уюм катышышты, анын ичинде облустар боюнча:
Бишкек шаары – 18
Чүй облусу-16
Нарын облусу-5
Талас облусу-8
Ыссык-Көл облсу-21
Ош облусу-16
Жалал-Абад облусу-6
Баткен облусу-7

Номинациялар:
- азык-түлүк товарларын жана айыл чарба продукцияларын өндүрүү - 44 уюм;
- элдик керектөө товарларын өндүрүү (тигүү өнөр жайы жана мебель өнөр жайы) - 21 уюм;
- кызмат көрсөтүү (туристтик жана мейманкана кызматтары) - 32 уюм

Конкурсанттардан Техникалык секретариатка 49 отчет келип түштү, анын ичинде облустар:

Бишкек шаары-15
Чүй облусу-5
Нарын облусу-2
Талас облусу-8
Ыссык-Көл облсу-10
Ош облусу-40
Жалал-Абад облусу-3
Баткен облусу-2

"IMGНоминациялар:
- азык-түлүк товарларын жана айыл чарба продукцияларын өндүрүү-21 уюм; - элдик керектөө товарларын өндүрүү (тигүү өнөр жайы жана мебель өнөр жайы)-10 уюм;
- кызмат көрсөтүү (туристтик жана мейманкана кызматтары)-18 уюм.

Эксперттик комиссиянын милдети – бул уюмдарды баалоо үчүн конкурсанттардын сынакка берген бардык материалдарын экспертиза жүргүзүп жана мыкты уюмдарды аныктап берүү болуп саналат.

Иштин жыйынтыгында Эксперттик комиссия лауреат жана дипломант наамдарына төмөндөгү уюмдарды кароого киргизди:

“Азык-түлүк товарларын жана айыл чарба продукцияларын өндүрүү” номинациясы боюнча :
- Лауреат наамына сапат боюнча КР премиясы: ЖАК «Ак-Жалга» Ыссык-Көл облусу Жети –Өгүз району, Кызыл-Суу айылы;
- Дипломант наамына:
1. ЖЧУ «Кыргыз Коньягы», Бишкек шаары;
2. ААК Н.Урманбетов атындагы «Арпа», Бишкек шаары;
3. ЖЧУ «Ак-Бата», Бишкек шаары.

“Элдик керектөө товарларын өндүрүү (тигүү өнөр жайы жана мебель өнөр жайы)” номинациясы боюнча:
- Лауреат наамына сапат боюнча КР премиясы: ЖЧУ «Айко-Сейко», Ыссык-Көл облусу Жети –Өгүз району, Кызыл-Суу айылы;
- Дипломант наамына:
1. ЖЧУ «Лина», Бишкек шаары;
2. ААК «Илбирс», Бишкек шаары;
3. ЖЧУ «Дом и К», Чүй облусу, Ысык-Ата району, Ново-Покровка айылы.

- “Кызмат көрсөтүү (туристтик жана мейманкана кызматтары)” номинациясы боюнча:
- Лауреат наамына сапат боюнча КР премиясы: ЖЧУ «Каприз» (“Каприз эс алуу борбору” бренд), Бишкек шаары.
- Дипломант наамына:
1. санаторий «Көгүлтүр Ыссык-Көл», Чолпон - Ата шаары;
2. ЖЧУ СКМП «Ак Кеме мейманканасы», Бишкек шаары;
3. ЖЧУ «Ош-Нуру», Ош шаары.

Сынактын жеңүүчүлөрүн тандап алууда тандоо критерийлерин карап чыгып жана аларды баардык мүнөздөгүчтөр боюнча жана ошондой эле салык көрсөткүчтөрү боюнча да баалап жеңүүчүлөрдү чыгарат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу