Жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүнү жана күтүүнү каржылоо максатында Региондорду өнүктүрүү фонду түзүлүүдө

Новости
17-Сентябрь 2021-ж.
6295

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги тарабынан  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Р.Ч. Момбековдун 2021-жылдын 7-сентябрындагы Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин жыйынындагы билдирүүсүнө карата кызматтык иликтөө боюнча комиссия түзүлгөн.


Депутат Момбеков Р.Ч. сөз кылып жаткан Регионду өнүктүрүү фонду, жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүнү жана күтүүнү каржылоо, региондорду социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча максаттуу багыттагы башка иш-чараларды жүзөгө ашыруу үчүн түзүлгөн.


 Фонддун иши колдонуудагы мыйзамдардын жана Фонддун Уставынын негизинде жүзөгө ашырылат. Фонд Районду өнүктүрүү фонду жана Облусту өнүктүрүү фонду түрүндөгү юридикалык жак статусуна ээ. 


Бул фонддор мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлөт. Районду өнүктүрүү фондунун уюштуруучусу болуп райондук мамлекеттик администрация эсептелет. Облусту өнүктүрүү фондунун уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эсептелет. Фонддун ишин жүзөгө ашыруу үчүн Казыналыкта бюджеттик жана атайын эсеп ачылат. 


Фонд өзүнүн ишин мыйзамдуулук, ачыктык, айкындуулук, жергиликтүү коомчулуктун алдындагы отчеттуулук принциптеринде, ошондой эле жергиликтүү коомчулуктун демилгесинин артыкчылыгы, Фонддун каражаттарын максаттуу, рационалдуу пайдалануу жана натыйжалуу башкаруу принциптеринде жүргүзөт.


Регионду өнүктүрүү фондунун иштөө тартибиКыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 633 токтому менен бекитилген Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобо (мындан ары – Жобо) менен аныкталат.

Жобонун 13 пунктуна ылайык:

13. Фонддун башкаруу органдарына төмөнкүлөр кирет:

1) Жогорку башкаруу органы – Фонддун Байкоочу кеңеши;

2) Аткаруучу органдары:

- Фонддун башкармалыгы,

- Фонддун администратору.

Ар бир орган Жобонун талаптарынын негизинде түзүлөт жана алардын курамында Министрликтин борбордук аппаратынын кызматкерлери жок. 

Жобонун 83-1 пунктуна ылайык, жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр казыналык тутумунда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү органдарынын аккумуляциялык эсептерине чегерилет жана төмөнкүдөй тартипте мыйзамдарда белгиленген ченемдерге ылайык бөлүштүрүлөт: 20 пайызы – тиешелүү айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине жана 80 пайызы – республикалык бюджетке.

Республикалык бюджетке түшкөн 80 пайызды Райондорду өнүктүрүү фонду менен Облусту өнүктүрүү фондунун ортосунда бөлүштүрүү Фонддун Байкоочу кеңеши сунуштаган тизмеге ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан жүргүзүлөт.

Жогоруда белгиленгендерден улам,фондду бөлүштүрүү процесстерине Министрликтин борбордук аппаратынын кызматкерлери катышпай тургандыгын, ошондой эле Р.Ч.Момбековдун “Минфинде 10% бербесең өткөрбөйт” деген билдирүүсү чындыкка дал келбегендигин билдирет.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу