Министрдин биринчи орун басары Д.Иманалиев Globalization Office of Alibaba Group өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү

Новости
25-Август 2021-ж.
7061

2021-жылдын 25-августунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинде министрдинбиринчи орун басары Данияр Иманалиев Globalization Office of Alibaba Group өкүлдөрү менен онлайн жолугушуу өткөрдү.

Тараптар электрондук соода тармагындагы биргелешкен кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашышты. Атап айтканда, алар Alibaba жана Aliexpress соода платформасында ата мекендик продукцияны сатуу боюнча eWTPге кошулуу, Alibaba Group сайттарында Кыргыз Республикасынын резиденттери үчүн акысыз тренингдерди өткөрүү, Кыргыз Республикасында товарларды кайра бөлүштүрүү борборун ачуу маселелерин талкуулашты. 

Кыргыз Республикасынын Экономика жана Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Электрондук соода ассоциациясы жана Alibaba Groupтун ортосундагы кызматташуу меморандумун иштеп чыгуу боюнча макулдашты. 

Ошондой эле, өлкөлөрдүн ортосундагы соода жүгүртүүнү жогорулатуу максатында, Globalization Office of Alibaba Group өкүлдөрү КЭРге экспорттук потенциалдуу товарлар менен таанышууга кызыкдар экенин билдиришти.

Мындан тышкары, Globalization Office of Alibaba Group өкүлдөрүнүн башчысы жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министринин биринчи орун басары кызматташууну ар кандай багытта улантууга даяр экендигин билдиришти.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу