Кыргызстан менен Татарстандын эки тараптуу кызматташуусун өнүктүрүү келечеги талкууланды

Новости
25-Август 2021-ж.
7858

2021-жылдын 25-августунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинде министрдин орун басары Жарасул Абдураимов Татарстан Республикасынын бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен жолукту.

Жолугушуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясынын Татарстан Республикасы менен кызматташуусунун артыкчылыктуу багыттары, ошондой эле эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды.

Министрдин орун басары Ж.Абдураимов белгилегендей, Кыргыз Республикасы кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүгүн жана союздаштыгын сактоого жана тереңдетүүгө, анын ичинде Татарстан Республикасы менен соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөдө кызматташтыкты өнүктүрүүгө чоң маани берет.


т.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу