Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин статс-катчысы Улугбек Календеров Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын иши менен таанышты

Новости
24-Август 2021-ж.
7131

2021-жылдын 24-августунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин статс-катчысы Улугбек Календеров Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматына таанышуу сапары менен барды.

Статс-катчыны төрага Арзыбек Кожошев башында турган Мамлекеттик финансылык көзөмөлдүн жамааты жылуу тосуп алды.

А.Кожошев Мамфинкөзөмөл кызматынын 2021 -жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишинин жыйынтыктары жөнүндө кыскача айтып, жүргүзүлгөн курулуш жана оңдоо иштери тууралуу маалымат берди жана экскурсия өткөрдү.

Ошондой эле Мамфинкөзөмөл башчысы учурдагы көйгөйлөрдү белгилеп, аларды чечүүгө көмөк көрсөтүүнү сурады.

Өз кезегинде У.Календеров кадрлардын алмашуусун болтурбоо үчүн ар бир жетекчилик курамдын сапатын сактоого жана жогорулатууга кызыкдар болушу керектигин белгиледи. “Институционалдык эс тутумду сактоо зарыл. Кадрлар баарын чечет деп бекеринен айтышпаса керек!” - деп баса белгиледи Экономика жана финансы министрлигинин статс -катчысы.

Жолугушуунун жыйынтыгында У.Календеров Мамфинкөзөмөлдүн ардактуу меймандардын эстелик китебине каалоо-тилектерин калтырды.

Календеров Улугбек Ибраимович ротациялык негизде 2021-жылдын июнь айында Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин статс-катчысы болуп дайындалган.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу