Регенерациялануучу кагазды жана картонду (макулатура жана калдыктарды) Кыргыз Республикасынан ЕАЭБдин бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө

Новости
24-Август 2021-ж.
7235

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-августундагы “Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары Кыргыз Республикасынан регенерациялануучу кагаз жана картонду (макулатура жана таштанды) ташып чыгууга убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө” токтомун кабыл алуу тууралуу маалымдайт.

“Алтын-Ажыдаар” жана “Кош Тамчы” ЖЧК маалыматы боюнча КР өндүрүштүк ишканалары регенерациялануучу чийки заттардын жетишсиздигине туш болуп, өндүрүштүк кубаттуулугу 30-40% га ишке тартылган. Ички рынокто чийки заттын жетишсиздиги кагаз продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча ишканалардын ишине терс таасирин тийгизет, бул өндүрүштүн көлөмүнүн, жумуш орундарынын жана салыктык түшүүлөрдүн азайышына алып келиши мүмкүн.

Тажрыйба көрсөткөндөй, кагаз продукцияларын өндүрүүнүн жана кайра иштетүүнүн көлөмү жыл сайын өсүүдө. Бирок, ата мекендик компаниялар өз кайрылууларында экинчи чийки заттын жетишсиздигин баса белгилешет.

Жогоруда аталган токтомдун 1-пунктуна ылайык Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары Кыргыз Республикасынан регенерациялануучу, ЕАЭБ ТЭИ ТН 4707 коду менен классификацияланган кагаз жана картонду (макулатура жана таштанды) ташып чыгууга (эл аралык транзиттик жүк ташуудан тышкары) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынат.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу