Министр А.Жапаров: Жашыл стандарттарды жана технологияларды киргизүү, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин продукцияларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатат

Новости
23-Август 2021-ж.
6429

2021-жылдын 20-августунда Ысык-Көл облусунун Сары-Ой айылында Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин экономика министрликтеринин жетекчилеринин кезектеги кеңешмеси өттү.

Бул иш чаранын алкагында тараптар бир катар маселелерди, атап айтканда, 2020-2021-жылдары ЕАЭБга мүчө мамлекеттерде кабыл алынган бааларды мамлекеттик жөнгө салуу чараларынын салыштырма талдоосун талкуулашты. Бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - Экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров азык -түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча координацияланган иштерди жүргүзүүнү жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде бааны турукташтыруу боюнча чараларды көрүүнү сунуштады.

Тараптар ошондой эле, ЕАЭБден Европалык союзга экспорттолуучу товарларга карата “углероддук” салык киргизүү коркунучтарын жана тобокелдиктерин баалоо маселелерин да карашты. 

Мындан тышкары тараптар маалыматтык материал катары Евразия экономикалык комиссиясынын 2020-жыл үчүн “Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана перспективалары жана мүчө-мамлекеттер макроэкономикалык саясат жагында кабыл алган чаралар жөнүндө” жылдык отчетун карашты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу