КР Экономика жана финансы министрлиги менен Казакстан Республикасынын Соода жана интеграция министрлиги Индустриалдык соода - логистикалык комплекстердин концепциясына кол коюшту

Новости
20-Август 2021-ж.
5674

2021-жылдын 20-августунда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында (Кыргыз Республикасы) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - Экономика жана финансы министри жана Казакстан Республикасынын Соода жана интеграция министрлиги биргелешкен индустриалдык соода-логистикалык комплекстерди түзүү жана алардын иштөө концепциясына кол коюшту.

Биргелешкен индустриалдык соода-логистикалык комплекстерди түзүү жана иштетүү концепциясы 2019-жылдын 27-ноябрында Казакстан Республикасынын Президенти К.Токаевдин Кыргыз Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын жана Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын Жогорку Мамлекеттер аралык Кеңешинин 5 -жыйынынын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын Мамлекет башчыларынын тапшырмасына ылайык даярдалган.

ИСЛК түзүү эки тараптуу соода-экономикалык мамилелердин андан ары өнүгүшүнө оң таасирин тийгизет, эки өлкөнүн өндүрүүчүлөрү менен ишкерлеринин ортосундагы ишкердик байланыштарды активдештирет жана Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы өз ара соода жүгүртүүнүн өсүшүнө түрткү болот.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу