КР Экономика жана финансы министрлигинде министрдин жаңы орун басары Данияр Амангельдиев тааныштырылды

Новости
17-Август 2021-ж.
6757

2021-жылдын 17-августунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинде министр Акылбек Жапаров министрдин жаңы орун басары Данияр Амангельдиевди тааныштырды.

Министр белгилегендей, тиешелүү буйрукка 16-августта өлкөнүн Министрлер Кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.

Резюме:

Туулган жылы: 1982-ж. 30-март

Туулган жери: Чүй району, Чүй айылы 

Үй бүлөлүү

Иш тажрыйбасы:

2003-2004-жж. - КРнын Финансы министрлигинин инвестициялык саясат департаментинин Мамлекеттик инвестициялар программасынын долбоорлорун пландоо жана баалоо бөлүмүнүн стажеру;

2004-2006-жж. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү, өнөр жай жана соода министрлигинин эл аралык финансы уюмдары менен кызматташуу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;

2006-2007-жж. - Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жана туризм министрлигинин эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башкы адиси, начальниктин орун басары;

2007-ж. - Кыргыз Республикасынын Экономика жана Финансы министрлигинин Мамлекеттик инвестициялар программасы башкармалыгынын мамлекеттик инвестициялар программасынын долбоорлорун пландаштыруу жана баалоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;

2007-ж. - КР Экономикалык өнүктүрүү жана соода министринин жардамчысы;

2007-2010-жж. - Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы соода өкүлчүлүгүнүн башкы адиси;

2010-2012-жж. - Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Соода өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин орун басарынын милдетин аткаруучу;

2012-2013-жж. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин бюджеттер аралык мамилелер башкармалыгынын жергиликтүү бюджеттер аралык мамилелер бөлүмүнүн башчысы;

2013 - КР Финансы министрлигинин мамлекеттик сектордун чыгымдарын пландоо башкармалыгынын начальниги. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин коллегия мүчөсү;

2018-ж. 17-мартынан – 2020-ж. – Токмок ш.мэри.

Билими:

1998-2003-жж. – Ж.Баласагын ат. Кыргыз Улуттук Университетинин экономикалык факультетикесиби: бухгалтердик эсеп жана аудит.

Кошумча билими:

2004-ж. - АӨБ “Долбоорлорду экономикалык талдоо семинары (Бишкек).

2005-ж. - ТАСИС "Макроэкономикалык саясат" семинары (Бишкек).

2006-ж. – Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган долбоорлордун финансы менеджменти жана төлөмдөрү ДБ окутуу программасы (Бишкек).

2014-ж. - Фискалдык-бюджеттик саясат. Практикалык коомчулук PEMPAL (Россия, Москва). 

2016-ж. - Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун пландаштыруу JICA (Япония, Токио).

2016-ж. - Эмгек акы төлөө фондун башкаруу. Практикалык коомчулук PEMPAL (Россия, Москва).

2017-ж. - Дүйнөлүк банктын “Мамлекеттик башкаруу системасында ички аудит жана контролдоо семинары (Чолпон-Ата).


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу