Экономика жана финансы министрлигинде министрдин жаңы орун басары Руслан Татиков тааныштырылды

Новости
17-Август 2021-ж.
7063

2021-жылдын 17-августунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинде министр Акылбек Жапаров министрдин жаңы орун басары Руслан Татиковду тааныштырды.

Министр белгилегендей, тиешелүү буйрукка 16-августта өлкөнүн Министрлер Кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.

Резюме:

Туулган жылы: 1982-ж. 16 апрель

Улуту: кыргыз

Үй-бүлөлүү

Билими:


Дата:

2012-ж. сентябрь  2014-ж. сентябрь 

Окуу жайы:

Дошиша Университети, Киото, Япония

Диплом:

Магистр, мамлекеттик башкаруу


Дата:

Октябрь 2004 – Июнь 2006

Окуу жайы:

TeachEx / EdNet Академиясы (Educational Network Academy)

Диплом:

Магистр, Башкаруу бизнес


Дата:

1999-ж. август - 2004-ж. июнь 

Окуу жайы:

Ж.Баласагын ат. Кыргыз Улуттук Университети, Экономикалык факультети

Диплом:

Экономист (артыкчылык диплому)

Иш тажрыйбасы:


Дата:

2007-ж. июнь - бүгүнкү күнгө чейин

Иштеген жери:

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги

Кызматы:

- Мамлекеттик карыз башкармалыгынын начальниги, 2018-ж. октябрь айынан бүгүнкү күнгө чейин Экономика тармактарынын чыгымдарын пландоо башкармалыгынын транспорт, байланыш жана отун-энергетикалык комплекси (ОЭК) бөлүмүнүн башчысы, 2010-ж. октябрь, - 2018-ж. октябрь, - Бюджеттик саясатты ишке ашыруу башкы башкармалыгынын фискалдык тобокелчиликтерди талдоо бөлүмүнүн башкы адиси, КР Финансы министринин жардамчысы, 2010-ж. - Тышкы жардамдарды жана эл аралык кызматташтыкты координациялоо боюнча башкармалыктын Тышкы байланыштар, техникалык программалык жардамдарды координациялоо бөлүмүнүн башкы адиси, 2009-2010-жж. - Финансылык отчеттуулук методологиясы жана ички аудит башкармалыгынын мамлекеттик сектордо бухгалтердик эсептин жана отчеттуулуктун методологиясы бөлүмүнүн жетектөөчү адиси, 2008ж.-2009-ж. - Бюджеттик саясат башкармалыгынын орто мөөнөттүү болжолдоо бөлүмүнүн адиси.


Дата:

2004-ж. сентябрь - 2007-ж. июнь

Иштеген жери:

Ж.Баласагын ат. Кыргыз Улуттук Университи Эл аралык билим берүү программаларын интеграциялоо институту (ИИМОП), Экономикалык факультети

Кызматы:

Окутуучу 


Дата:

2003-ж. январь - март 

Иштеген жери:

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы

Кызматы:

Практикант


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу