Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин башчысы менен БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү биргелешкен кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты

Новости
13-Август 2021-ж.
4869

2021-жылдын 13-августунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинде КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын олрун басары – Экономика жана финансы министри Акылбек Жапаровдун БУУнун Өнүктүрүү Программасынын Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү Луиза Чемберлен, БУУнун Кыргыз Республикасындагы туруктуу координатору Нурия Чойбаева, Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Асель Чынбаева менен жолугушуусу өттү.

Ар тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Атап айтканда, тараптар мыйзамдарды инвентаризациялоо маселелерин талкуулашты, Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы чөйрөсүндөгү мыйзамдарга баа берүүлөрдү жүргүзүштү. 

Министр А.Жапаров БУУ системасынын Кыргызстандын өнүгүүсүнө кошкон олуттуу салымын белгилеп, Л.Чемберлен айымга туруктуу өнүктүрүү жана экономикалык жана финансылык маселелер боюнча мындан аркы кызматташуу тармагындагы ишмердүүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди. 

Ошондой эле ал белгилегендей, экономикалык жана финансылык маселелер, соода жана Техникалык жөнгө салуу, фискалдык саясат жана бизнес-чөйрө, финансылык тейлөө жаатындагы эксперттик топтун мүчөлөрүнүн жана көз карандысыз эксперттердин биринчи жыйыны министрликте болуп өттү. Инвентаризациялоонун биринчи этабын аяктоо, мыйзамдарды инвентаризациялоо методологиясына ылайык экономика жана финансы чөйрөсүндөгү мыйзамдарга баа берүү боюнча маселелер каралды. Бул иш улантылат, - деп билдирди министр.

Өз кезегинде БУУ өкүлчүлүгүнүн башчысы БУУӨПтүн иши, атап айтканда, туруктуу өнүктүрүү максаттарын ишке ашыруу боюнча маалымат берди. Л.Чемберлен айым министрликтерге кызматташтыктын ар кандай багыттарына көмөк көрсөтүүнү улантууга даяр экендигин билдирди. Ошондой эле онлайн-режимде ачык сессиянын алкагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоо процессинин негизги принциптерин таанышууга кызыкдар экендигин билдирди. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин башчысы А.Чынбаева мыйзамдарды инвентаризациялоонун учурдагы абалы жана процесси тууралуу кененирээк маалымат берди.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу