КР Салык кодексинин жаңы редакциясынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча көчмө жыйындын алкагында өткөрүлгөн иштер жөнүндө

Новости
10-Август 2021-ж.
4283

2021-жылдын 22-июлунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигининде мамлекеттик органдардын жана бизнестин-коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусу менен Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жаңы редакциясынын долбоорун талкуулоо боюнча жыйын өттү.


Жыйында салык мыйзамдарындагы боштуктарды, түшүнүксүздүктөрдү жана карама-каршылыктарды жоюу; КНСти жакшыртуу; салыктык текшерүүлөрдү оптималдаштыруу; салык талаштарын чечүүнүн альтернативдүү механизмдерин киргизүү; атайын салыктык режимдерин, мүлк салыгын жана жер салыгын өркүндөтүү боюнча 6 модулдук топтун ишинин алгачкы жыйынтыктары каралды.


Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жаңы редакциясынын долбоорун иштеп чыгуунун алкагында, 2021-жылдын 26-30-июлдарында бизнес-коомчулуктун, мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жаңы редакциясынын долбоорун техникалык жана ченем жаратуу боюнча көчмө иш-чара өткөрүлдү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу