Экономикалык чөйрөдөгү тартип бузууларды табуу жана бөгөт коюу боюнча участкалык ыйгарым укуктарды кеңейтүү маселесин

Новости
09-Август 2021-ж.
4074

Азыркы учурда тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан дүйнөлүк практиканын тажрыйбасын эске алуу менен экономикалык чөйрөдөгү мыйзам бузууларды (лицензия, уруксат берүү ж.б.) аныктоо жана бөгөт коюу боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин (КР ИИМ) участкалык ыйгарым укуктарын кеңейтүү маселеси каралууда.


Белгилүү болгондой, көмүскө экономика өлкөнүн экономикалык коопсуздугуна реалдуу коркунуч туудурат жана атаандаштык үчүн бирдей эмес шарттарды түзүү менен салыктык базаны кыскартууга таасир этип, өлкөнүн бюджетинин стабилдүүлүгүнө салым кошуп, бизнести өнүктүрүүгө олуттуу тоскоолдук болуп саналат.

Ишкердик субъекттерин легалдуу эмес экономикалык иш-аракетке каршы күрөшүү жана көмүскө сектордон чыгаруу максатында, ошондой эле салык процедураларын фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Салык кызматынын жана Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан “Соода түйүндөрүнүн жайгашуусунун санариптик картасын” иштелип чыгууда, ал объекттердин жана экономикалык иштин субъекттеринин жайгашкан ордун жана ал боюнча маалыматтарды картасында көрсөтөт. 

Жогоруда аталган иш-чаралар мамлекеттик органдардын ишкердик субъекттердин экономикалык ишине кийлигишүүсүнө эч кандай жол менен багытталбайт, бизнести контролдоону күчөтүү каралган эмес жана ишкердик жүргүзүүгө тоскоолдук кылбайт. 

Участкалык милиция кызматкерлерине ыйгарым укук берүү маселеси изилдөө стадиясында турат, буга байланыштуу министрлик бизнес коомчулуктун өкүлдөрүн көмүскө экономикага жана таза эмес салык төлөөчүлөргө каршы күрөшүү маселелерин талкуулоого активдүү катышууга чакырат. 

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин саясаты абийирдүү ишкерлерди колдоого жана коргоого багытталган. Мында, жүргүзүлгөн иштер жана ички иштер органдары менен салык кызматынын өз ара аракеттенүүсү күчтүү атаандаштыкты түзүүгө, абийирсиз ишкерлерди көмүскөдөн чыгарууга жана экономиканы жакшыртууга өбөлгө түзө турган мыйзамсыз ишкердикти аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган. 


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу