КР Экономика жана финансы министрлигинин башчысы Түркмөнстанда Орто Азия өлкөлөрүнүн экономикалык форумуна катышты

Новости
09-Август 2021-ж.
3408

2021-жылдын 6-августунда Түркмөнбашы шаарында (Түркмөнстан) “Аваза” улуттук туристтикалык зонасында Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын 3-консультациялык жолугушуусунун алкагында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн экономикалык форуму болуп өттү.

Иш -чара өз аянтында 150дөн ашык делегаттарды - өкмөттүк чөйрөнүн өкүлдөрүн, Түркмөнстандын, Кыргыз Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын негизги министрликтеринин жана ведомстволорунун башчыларын чогултту.

Форумдун иши тематикалык сессия форматында өзүнчө багыттар боюнча уюштурулган: соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүү, энергетика жана химия өндүрүштөрүндө, ошондой эле транспорт жана логистика тармагында кызматташуу.

Форумга Кыргыз Республикасын атынан КР Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров катышты. “Борбор Азия өлкөлөрүнүн соода-экономикалык жана инвестициялык потенциалы” сессиясынын жүрүшүндө сүйлөгөн сөзүндө ал аймактарды туруктуу өнүктүрүүгө багытталган өлкөлөр аралык кызматташуунун натыйжалуу механизмдерин түзүү үчүн платформа катары форумдун маанилүүлүгүн белгиледи. Жалпы ыкмаларды табуу, аракеттерди бириктирүү - дал ушул бүгүнкү иш - чаранын башкы максаты деп эсептейм.

А.Жапаров өз сөзүндө Кыргыз Республикасы Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи. 

Сессиянын катышуучулары көп тараптуу кызматташтыкты жана жалпы аймактык экономикалык кызыкчылыктарды алдыга жылдыруу боюнча конструктивдүү идеялар менен алмашышты.

Иш - чаранын соңунда региондун экономикасынын жаңы “өсүү чекиттерин” аныктоого багытталган көп тараптуу диалогду өнүктүрүү зарылдыгы тууралуу бирдиктүү позиция иштелип чыкты. 


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу