Экономика жана финансы чөйрөсүндө мыйзамдарды инвентаризациялоо, аларга баа берүү маселелери жөнүндө

Новости
03-Август 2021-ж.
5367

2021-жылды 3-августунда Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы №26 “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маселени талкуулоо максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү боюнча ведомство аралык эксперттик топторунун жетекчилеринин жыйыны болуп өттү.

Анын жыйынтыктыгында Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинде финансы; соода жана техникалык жөнгө салуу; фискалдык саясат жана бизнес-чөйрөсү; финансылык кызмат көрсөтүү боюнча тармагындагы 4 подгруппадан турган экономикалык жана финансылык маселелер боюнча эксперттик топтун жыйыны Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министринин Биринчи орун басары Данияр Иманалиевдин, эксперттик топтун мүчөлөрүнүн жана көз карандысыз эксперттердин катышуусунда болуп өттү.

Жыйында инвентаризациялоонун 1-этабын аяктоо жөнүндө маселелер, ошондой эле аталган методологияда белгиленген критерийлерге ылайык инвентаризациялоо жүргүзүү боюнча методологияга ылайык жүргүзүлгөн экономика жана финансы чөйрөсүндөгү мыйзамдарды баалоонун жыйынтыктары талкууланды.

Кеңешменин жыйынтыгында баалардын жыйынтыгы боюнча мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууну улантуу зарылчылыгы тууралуу чечим кабыл алынды.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу