Евразия комиссиясынын кеңешинин жыйынынын жыйынтыктары

Новости
21-Июль 2021-ж.
3676

2021-жылдын 14-16-июлунда видеоконференция режиминде Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин (мындан ары - ЕЭК) кезектеги жыйыны болуп өттү, ага Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын өкүлдөрү, Россия Федерациясы жана ЕЭК Коллегиясынын мүчөлөрү (министрлер) катышты.

ЕЭК Кеңеши тарабынан 40тан ашуун маселе каралып, талкуунун жыйынтыгында бир топ маселелер чечилди.

ЕЭК Кеңешинин жыйынында Евразия экономикалык комиссиясына жана Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин өкмөттөрүнө ЕАЭБдин санарип рынокторундагы атаандаштыктын абалын баалоо укугуна өзгөртүү киргизүү тапшырмасы берилди.

Ошондой эле отурумда ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү ЕАЭБ мунай жана мунай өнүмдөрү боюнча жалпы рыноктордун, ЕАЭБтин 2020-жылы жалпы газ рыногунун түзүлүшүнүн жүрүшү тууралуу баяндамаларды угушту.

ЕЭК Кеңешинин кезектеги жыйынын 10-сентябрда өтөт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу