Баалардын жогорулашы жалпы дүйнөлүк тенденция болуп саналат

Новости
15-Июль 2021-ж.
5054

Кыргыз Республикасында инфляциянын деңгээли алтынчы ай катары менен максаттуу мааниден 5-7% жогору бойдон калууда. Инфляциянын жылдык мааниси 107,3% ды түздү (өткөн жылдын декабрына карата 2021-жылдын январь-июну). Инфляциянын жылдык орточо деңгээли 110,8% түздү (2021-жылдын январь-июну- 2020-жылдын январь-июну).

Өлкөдө баалардын өсүшү бир катар факторлор менен байланыштуу. Бирок, баалардын көтөрүлүшүнүн негизги себеби - дүйнө жүзү боюнча азык-түлүк товарларынын наркынын кыйла жогорулашы. FAO азык-түлүк бааларынын индекси (FFPI) учурда 12-ай катары менен жогорулап жатат, бул 10 жылдан бери байкалган эмес.

Пандемия салттуу жеткирүү тармагынын үзгүлтүккө учурашына, жеткирүүчүлөрдүн өзгөрүшүнө жана башка кыйынчылыктарга алып келип, азык-түлүк импортунун наркынын индексин, анын ичинде транспорттук чыгымдарды акыркы 15 жылда болуп көрбөгөндөй жогорку чекке жеткирди. Дүйнөлүк бааларга ошондой эле кийинкиге калтырылган суроо-талаптын жана келип чыккан пандемиядан, ошондой эле аба ырайынын жагымсыз шарттарынан улам ишкердик активдүүлүктүн калыбына келүү натыйжасын берүүдө (негизги тамак-аш өндүрүүчү өлкөлөрдөгү кургак аба ырайы), бул түшүмдүн көлөмүнө таасирин тийгизди (мисалы, дүйнөдө күн карама майын өндүрүүчүлөрдүн бири болгон Россия Федерациясындагы күн карама түшүмүнүн төмөндөшүнө байланыштуу дүң жеткирүүлөрдүн баасынын көтөрүлүшү. Жагымсыз аба ырайы Бразилияда, Европа Бирлигинде, Россия Федерациясында жана Таиландда ж.б. кант өндүрүшүнүн төмөндөшүнө алып келди).

Азыркы учурда, бардык жерлерде ушундай болуп жатат, атап айтканда ЕАЭБ өлкөлөрүндө, керектөө бааларынын жана тарифтеринин көтөрүлүшү орто эсеп менен дээрлик 2 эсеге байкалган, ошондуктан өндүрүүчүлөрдү сунушту карманууга үндөгөн экспортко тыюу салуу жана агрессивдүү сатып алуу сыяктуу соода саясатынын чаралары кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети баалардын өсүшүн токтотуу үчүн зарыл чараларды кабыл алган:

- буудай, буудай ун, кант, күрүч, өсүмдүк майы жана жумуртка сыяктуу айыл чарба продукцияларынын айрым түрлөрүн экспорттоого тыюу салынган;

- тоютту: чөп, кошмо тоют, жүгөрү, арпа алып чыгууга толук тыюу салынган;

- республиканын айыл чарбасын минералдык жер семирткичтер менен өз убагында жана толук камсыздоо, жазгы талаа иштерин жүргүзүү мезгилинде аларга баанын жогорулашына жол бербөө үчүн Кыргыз Республикасынан минералдык жер семирткичтерди Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен сырткары алып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салынган;

- 2021-жылдын 8-июлунан тартып ири мүйүздүү жана майда мал жандыктарды экспорттоого тыюу салынган;

- 3 миң тонна кант жана өсүмдүк майы сатылып алынган;

- азык-түлүк товарларына болгон рыноктук бааларды турукташтыруу, калктын социалдык аялуу катмарларына колдоо көрсөтүү максатында 2021-жылдын 1-апрелинен 31-декабрына чейинки мезгилге Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан импорттолуучу (алып келинүүчү) рафинаддалган кант жана өсүмдүк майынын салык салынуучу импорту боюнча ноль (0) пайыз өлчөмүндө жана ишкердик субъекттери үчүн импорт жана ички жеткирүүлөр үчүн 1-июлдан 31-августка чейин КНСтин чени белгиленген;

- 2021-жылдын 1-майынан баштап социалдык маанилүү товарлардын айрым түрлөрүнө (өсүмдүк майы, күнкарама кумшекер)бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген;

- ата мекендик айыл чарба чийки затын кайра иштетүүчү ишканалардын тизмеси бекитилген, алар КНСти 80% га азайтуу менен төлөшөт. Дан (күрүчтөн башка), жашылча өсүмдүктөрүнөн жана жаңгактан ун чыгаруу аталган тизмеге киргизилген ж.б.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу