Алдын ала маалыматка ылайык 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн республикалык бюджет 575,3 млн.сом суммасында профицит менен аткарылган

Новости
12-Июль 2021-ж.
3686

2021-жылдын январь-июнь айларына карата алдын-ала маалыматтарга ылайык, республикалык бюджеттин жалпы кирешелеринин көлөмү белгиленген пландык көрсөткүчтөн 104,5% га же 3 458,1 млн сомго (77 308,9 млн. сом) көбөйүү менен 80,767,0 млн. сомду түздү. Өткөн жылдын тийиштүү көрсөткүчүнө салыштырмалуу бюджеттин жалпы кирешеси 28 296,6 миллион сомго көбөйгөн.

Каралып жаткан мезгилдеги салыктык кирешелер боюнча алганда, кирешелер 57 422,8 миллион сомду түздү же өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу план 100,2% га же 115,3 миллион сомго көбөйүп, 19 973,0 миллион сомго көбөйгөн.

Салыктык эмес түшүүлөр (атайын эсептерди эсепке алганда) 20 163,2 млн.сомду түздү. Өткөн жылдын деңгээлине карата салыктык эмес кирешелер 8 968,0 млн.сомго көбөйүп, 2020-жылга карата өсүш темпи 180,1% түздү.

2021-жылдын январь-июнь айларына республикалык бюджеттен сарпталган чыгымдардын жалпы көлөмү 80191,7 миллион сомду түздү. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу республикалык бюджеттин чыгашалары 10 045,9 млн сомго (14,3%) көбөйгөн.

Бардык социалдык милдеттенмелер, мисалы: эмгек акыларды, жөлөкпулдарды, пенсияларды жана башка корголуучу нерселерди төлөө өз убагында жана толук көлөмдө каржыланарын белгилей кетүү керек.

Алдын ала маалымат боюнча 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн республикалык бюджет 575,3 миллион сом суммасында профицит менен аткарылган.

Бул биздин тартыштыксыз бюджетке жетишүүгө жасаган алгачкы кадамдарыбыз!

Социалдык блок боюнча:

Өз кезегинде маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөнүн шарттарын жакшыртуу максатында Маданият системасында иштеген кызматкерлердин эмгек акысын 50%га жогорулатуу пландалууда, анткени бул максаттарга республикалык бюджеттен 226,6 млн.сом каралган.

Ошондой эле саламаттык сактоо системасынын кызматкерлеринин эмгек акысын 2021-жылдын 1-июлунан тарта жогорулатууга 1 884,8 млн.сом каралган.

Билим берүү кызматкерлеринин эмгек өргүүсүнүн мезгилдүүлүгүн эске алып, апрель айында мугалимдердин өргүүсүнө акча каражаты этияттык менен пландаштырылган, бүгүнкү күндө жалпы билим берүүчү мектептердин мугалимдерине эмгек акы төлөө үчүн 4 297,0 млн.сом каржыланган, кийинки этапта ЖОЖдордун, колледждердин окутуучуларына, мекемелердин администрацияларына, билим берүү мекемелеринин техникалык кызматкерлерине эмгек өргүү берилет, бул үчүн 1300,0 млн. сом бөлүнгөн.

Коронавирустук COVID-19 инфекциясынын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча иш-чаралардын алкагында республикалык бюджеттен 2249,8 млн сом суммасында кошумча акча каражаттары бөлүнгөн, анын ичинде кызыл зонада иштеген саламаттыкты сактоо уюмдарынын медициналык кызматкерлерине компенсациялык төлөмдөр жана коронавирустук инфекцияга каршы вакциналарды сатып алуу.

2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында Социалдык фондго мамлекеттин көп балалуу энелерге жана майып балдардын энелерине, бийик тоолордо, алыскы жана жеткиликсиз жерлерде жашаган адамдарга, аскердик пенсияларга, пенсиялардын базалык бөлүгүнө, пенсияларга жана компенсацияларга жеңилдиктер менен (мөөнөтүнөн мурда) пенсияга чыгуу менен байланышкан чыгымдарды каржылоо боюнча мамлекеттин милдеттенмелерин аткарууга республикалык бюджеттен 11 622,9 млн сом суммасында каражат бөлүнгөн же милдеттенмелер 100 пайызга аткарылган.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу