7-июлда КР Экономика жана финансы министринин биринчи орун басары Д.Ш.Иманалиевдин БАЭ Өкмөт иштери боюнча министрлигинин жетекчилик жана өкмөттүк потенциал маселелери боюнча башкы директору Ясир Аль-Накби менен виртуалдык жолугушуусу болуп өттү

Новости
08-Июль 2021-ж.
2684

2021-жылдын 7-июлунда КР Экономика жана финансы министринин биринчи орун басары Д.Ш.Иманалиев жана БАЭ Өкмөт иштери боюнча министрлигинин жетекчилик жана өкмөттүк потенциал маселелери боюнча башкы директору Ясир Аль-Накби видеоконференция өткөрүштү.

Онлайн жолугушуунун жүрүшүндө өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүү жаатындагы актуалдуу маселелер талкууланды. Эмират тарап «Өкмөттүк Акселератордун инфраструктурасы» темасында презентация жасады.

Жолугушуунун катышуучулары Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнүн Акселератору тарабынан иштелип чыккан методологияны колдонуу менен конкреттүү социалдык-экономикалык проблемаларды биргеликте чечүүнү макулдашышты. Доктор Ясир Аль-Накби Акселератор топторунун мамлекеттик, жеке сектор жана башка кызыкдар тараптар менен биргеликте жасай турган иштери тууралуу айтып берди жана проблемаларды чечүү мөөнөтү 100 күндү түзөт деп белгиледи.

Тараптар ошондой эле кызматташуу боюнча иш чаралар планын, Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги менен БАЭ Өкмөтүнүн иштери боюнча министрлигинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө Меморандумун иштеп чыгуу үчүн биргелешкен эксперттик жумушчу топту активдештирүү зарылдыгын белгилешти.

Аталган документтерге Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнүн иштери боюнча министри Мохаммад бин Абдулла Аль Гаргавинин Кыргыз Республикасына боло турган иш сапарынын алкагында кол коюу пландаштырылууда.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу