БАРЭК программасы боюнча жогорку даражадагы расмий жактардын (ЖДРЖ) кезектеги онлайн жыйыны болуп өттү

Новости
06-Июль 2021-ж.
2642

2021-жылдын 30-июнунда Борбор Азия регионалдык экономикалык кызматташтык (БАРЭК) программасы боюнча жогорку даражадагы расмий жактардын (ЖДРЖ) кезектеги онлайн жыйыны болуп өттү, ага Кыргыз Республикасынан Экономика жана финансы министрлигинин, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жана Туризм департаментинин өкүлдөрү катышты.

Жалпысынан бул виртуалдык иш-чарага БАРЭКтин 11-мүчө-мамлекетинин жогорку даражадагыжактар жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышты.

Жолугушуу БАРЭКтин программаларын жана иш-аракеттерин мындан ары чыңдоо үчүн БАРЭКке мүчө өлкөлөрдүн расмий өкүлдөрүнүн ортосундагы стратегиялык диалогду уюштурду, атап айтканда төмөнкү маселелерди чечти:

(а) БАРЭК 2030 стратегиясын ишке ашыруудагы прогресс;

(б) БАРЭКтин милдеттерин жана жаңы демилгелерди ишке ашыруунун жүрүшүндөгү прогресс жөнүндө учурдагы маалымат, анын ичинде БАРЭКтин 2030-жылга чейинки өнүгүү натыйжалуулугу тууралуу отчету; 2030-жылга чейин саламаттык сактоо чөйрөсүндө кызматташуу жаатындагы БАРЭКтин стратегиясынын долбоору; 2030-жылга чейин БАРЭКтин санариптик стратегиясынын долбоору; БАРЭКтин региондук инфраструктуралык долбоорлоруна көмөк көрсөтүү каражаты; жана БАРЭКтин суу компонентин өнүктүрүү;

(в) 2021-жылдын ноябрына пландаштырылган 20-министрлик конференциясына даярдануу.

Маалымат катары: ЦАРЭС программасы экономикалык өсүшкө жана жакырчылыкты кыскартууга жетишүү үчүн кызматташтык аркылуу өнүгүүнү илгерилетүү үчүн биргелешип иштеген 11 катышуучу мамлекеттердин өнөктөштүгү. БАРЭКке мүчө өлкөлөрдүн катарына Афганистан, Азербайжан, Кытай Эл Республикасы, Грузия, Казакстан, Кыргыз Республикасы, Монголия, Пакистан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан кирет. Бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана шайкеш келтирүү аркылуу транспорт, энергетика, соода саясаты жана соодага көмөк көрсөтүү региондук кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары болуп саналат. БАРЭК программасынын алкагында Кыргыз Республикасынан координациялоочу орган болуп КР Экономика жана финансы министрлиги эсептелет.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу