Кыргыз-түркмөн экономикалык форумунун жүрүшүндө түзүлгөн келишимдерди ишке ашыруу биздин өлкөлөр ортосундагы соода - экономикалык кызматташтыкты арттырууга көмөк көрсөтөт

Новости
01-Июль 2021-ж.
3342

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги үстүбүздөгү жылдын 27-июнунда Кыргыз Республикасынын Президентинин Түркмөнстанга болгон расмий иш сапарынын алкагында кыргыз-түркмөн экономикалык форуму болуп өткндгн маалымдайт.

Форумга экспорттук продукцияны өндүрүүчү ири түркмөн ишканаларынын жетекчилери жана Кыргызстандын бизнес коомчулугунун өкүлдөрү катышты 

Форумда өткөн жолугушуулардын жыйынтыгында Кыргызстан менен Түркмөнстандын ишкерлери 21 миллион АКШ долларынан ашык суммадагы ар кандай профилдик продукцияларды өз ара жеткирүү боюнча эки тараптуу келишимдерге жана контракттарга кол коюшту. Жеткирилген продукциялардын тизмеси ишкерлердин кызыкчылыгына жараша, Кыргызстандын жана Түркмөнстандын рынокторунда суроо-талаптын болушун эске алуу менен аныкталган. Кол коюлган контракттардын алкагында Бишкекке Ашхабаддан товарлардын биринчи партиясы келди. Кыргыз-түркмөн экономикалык форумунун жүрүшүндө түзүлгөн келишимдерди ишке ашыруу биздин өлкөлөрдүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө болот.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу