КР Экономика жана финансы министрлигинде Абу Даби Исламик Банкынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү

Новости
29-Июнь 2021-ж.
3596

2021-жылдын 29-июнунда КР Экономика жана финансы министрлигинде Экономикалык саясат башкы башкармалыгынын начальниги Абдекиров Алмаз Тынчтыкбекович Абу-Даби Исламик Банкынын (мындан ары - АДИБ) өкүлдөрү АДИБ эл аралык бизнесинин финансы директору Майкл Мюррей жана АДИБ глобалдык эл аралык бизнес-тобунун жетекчиси Абдулла Альшехи менен жолукту.

Буга чейин, 2019-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри жана Бириккен Араб Эмираттарынын Экономика министринин төрагалыгы алдында өткөн экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-эмират өкмөттөр аралык комиссиясынын 1-жыйынынын жүрүшүндө Эмират тарап БАЭ инвесторлорун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен Ислам өнүктүрүү банкынын Кыргыз Республикасында коммерциялык банк ачуу боюнча биргелешкен долбооруна катышууга үндөөгө даяр экендигин билдирген.

Өкмөттөр аралык комиссиянын 1-жыйынынын Протоколун ишке ашыруу боюнча кадамдык планын ишке ашыруунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы атайын коммерциялык банкты ачуу маселесин карап жатат. Буга байланыштуу учурда АДИБ өкүлдөрүнүн КР тааныштыруу иш сапары өтүүдө.

Жолугушуунун жүрүшүндө Алмаз Абдекиров Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин экономиканы диверсификациялоо боюнча пландары, Министрлер Кабинети тарабынан өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар, анын ичинде жүргүзүлүп жаткан фискалдык саясат реформалары жөнүндө маалымат берди.

Өз кезегинде АДИБдин өкүлдөрү инвестициялык кызматташууну тереңдетүүгө кызыкдар экендигин билдиришти.

Жыйынтыгында Алмаз Абдекиров Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги АДИБдин Кыргыз Республикасындагы ишине максималдуу көмөк көрсөтө тургандыгын белгиледи.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу