Борбор Азиядагы соодадагы тоскоолдуктарды жоюу боюнча регионалдык кеңешме

Новости
25-Июнь 2021-ж.
3561

2021-жылдын 23-24-июнунда Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын эксперттеринин катышуусунда Борбор Азиядагы соодадагы тоскоолдуктарды жоюу боюнча регионалдык кеңешме болуп өттү. Эки күндүк иш чаранын жүрүшүндө Борбор Азиянын төрт өлкөсүнүн эксперттери соодадагы тоскоолдуктар жана аларды жоюунун жолдору жөнүндөгү улуттук изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын талкуулашты.

Соода тоскоолдуктарын картага түшүрүү боюнча Улуттук изилдөө жыл ичинде Ready4Trade Central Asia долбоорунун алкагында жүргүзүлдү.

Картага түшүрүү Борбор Азия жана Европа союзунун өлкөлөрүндө соода агымдарына карата май, ун, сүт продукциясы, буурчак, кургатылган мөмө-жемиштер, ширелер, ошондой эле жаңы жемиштер менен жашылчалар сыяктуу продуктулар үчүн жүргүзүлгөн.

Изилдөөлөрдүн жыйынтыктары Кыргызстандагы, Казакстандагы жана Тажикстандагы чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү менен соодадагы негизги процессуалдык жана жөнгө салуучу тоскоолдуктарды тастыктоо жана артыкчылык берүү үчүн алдын-ала талкууланды.

Регионалдык кеңешменин жүрүшүндө төрт мамлекеттин өкүлдөрү менен пленардык талкуулар өткөрүлдү. Пленардык сессиянын катышуучулары соода тоскоолдуктарын жоюу боюнча улуттук тажрыйбалары менен бөлүшүп, тоскоолдуктардын түпкү себептерин талкуулашты жана Ready4Trade Борбор Азия долбоору региондо соода чөйрөсүн жагымдуу шарт түзүүгө кандай салым кошо алаары жөнүндө сунуштарын беришти.

Ready4Trade Борбор Азия долбоору трансчек аралык талаптардын ачык-айкындуулугун жогорулатуу, жөнгө салуучу жана жол-жоболук тоскоолдуктарды четтетүү, соода формалдуулуктарды жана стандарттарды сактоо боюнча бизнестин мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөө, ошондой эле трансчегаралык электрондук сооданы өркүндөтүү жолу менен Борбор Азиянын беш өлкөсүндө (БА) ички регионалдык жана эл аралык сооданы өнүктүрүүгө багытталган. Долбоор Европа Бирлиги тарабынан каржыланып, Эл аралык Соода Борбору (ЭСБ) тарабынан улуттук өнөктөштөр - Кыргызстанда Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги менен тыгыз кызматташтыкта ишке ашырылат.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу