2021-жылдын 23-июнунда Тажикстандын Душанбе шаарында “Санариптик экономика, электрондук соода жана инновациялар жаатында кызматташууну күчөтүү” боюнча Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) эки күндүк экономикалык форуму башталды

Новости
23-Июнь 2021-ж.
3590

2021-жылдын 23-июнунда Тажикстандын Душанбе шаарында “Санариптик экономика, электрондук соода жана инновациялар жаатында кызматташууну күчөтүү” боюнча Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) эки күндүк экономикалык форуму башталды

Бул Форум ШКУнун түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгына арналган, ага ШКУга мүчө мамлекеттердин жана тышкы экономикалык ишмердүүлүккө жооптуу байкоочу мамлекеттердин өкүлдөрү, ошондой эле эксперттик жана илимий коомчулуктун кеңири чөйрөсү катышууда.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин атынан министрдин орун басары С.М. Ахматов катышып, видео форматта сөз сүйлөдү. Форумга Россия, Өзбекстан, Казакстан, Азербайжан, КЭР, Индия жана Пакистан катышууда.

Ошондой эле ШКУ экономикалык форумунун алкагында төмөнкү тематикалык сессиялар өтөт:

- ШКУ өлкөлөрүнүн электрондук өкмөт системасын киргизүү жана электрондук форматта мамлекеттик кызмат көрсөтүү тажрыйбасы;

- ШКУ мейкиндигинде санариптик экономиканы өнүктүрүүдө кызматташтыкты бекемдөө;

- ШКУ мейкиндигинде электрондук соода артыкчылыгын илгерилетүү жана колдонуу.

Форумдун экинчи күнүндө ШКУга мүчө-мамлекеттердин делегация башчыларынын жолугушуулары пландалган.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу