2021-жылдын 16-июнунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - Экономика жана финансы министри А.У.Жапаров Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ахмет Садык Доган мырза менен жолукту

Новости
16-Июнь 2021-ж.
3304

2021-жылдын 16-июнунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - Экономика жана финансы министри А.У.Жапаровдун Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ахмет Садык Доган мырза менен жолугушуусу болду. 

Бул жолугушууда Тараптар эки тараптуу соода-экономикалык мамилелердин маселелерин талкуулашты жана соода, туризм жана билим берүү сыяктуу тармактарда кызматташтыкты кеңейтүүгө жана өнүктүрүүгө ниеттерин билдиришти. Анда, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун ушул жылдын 9-11-июнь күндөрү Түркия Республикасына болгон иш сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашуулар белгиленген.

Министр Анкара шаарында болгон мезгилде Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун Түркия Республикасына болгон сапарынын алкагында Түркия Республикасынын Казыналык жана финансы министри менен жолугушуулар өткөрүлгөндүгүн, ошондой эле Түркия Республикасынын Соода министри тарабынан алардын жыйынтыгы боюнча эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган бир катар макулдашууларга жетишилгендигин маалымдады.

Министр А.У.Жапаров түрк тарап экономикалык реформаларды жүргүзүүдө, ар кандай тармактарда экономикалык жактан пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууда ийгиликтүү тажрыйбага ээ экендигин белгилеп, буга байланыштуу түрк тарапты бул багытта тажрыйба алмашууга чакырды.

Элчи буга чейин коюлган милдеттерди ишке ашыруу, атап айтканда өз ара сооданы көбөйтүү зарылдыгын белгиледи. Ушуга байланыштуу, коюлган максаттарга жетүүнүн жаңы жолдорун издөө үчүн эксперттик деңгээлде жолугушууларды өткөрүү сунушталды.

Ошондой эле жолугушууга кыргыз-түрк “Манас” университетинин өкүлдөрү катышты, алар иштеги кыйынчылыктар, ошондой эле университеттин келечек пландары жөнүндө маалымат беришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында Тараптар эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү активдештирүү жөнүндө макулдашышты, ошондой эле келечекте кыргыз-түрк мамилелери прогрессивдүү жана жемиштүү өнүгүшкө ээ болушуна ишеним билдиришти.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу