КР ЭФМ КРнын Сапат боюнча сыйлыктарын изденип алуу үчүн конкурстун катышуучуларын баалоо боюнча эксперттик комиссиянын жыйынтыктоочу жыйыны болуп өттү

Новости
11-Июнь 2021-ж.
5826

2021-жылдын 10-июнунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинде Сапат боюнча сыйлыктарын изденип алуу үчүн конкурстун катышуучуларын баалоо боюнча эксперттик комиссиянын жыйынтыктоочу жыйыны болуп өттү.

2020-2021-жылдарга Кыргыз Республикасынын Сапат боюнча сыйлыгын изденип алуу конкурсуна ишканалар төмөнкү номинациялар боюнча катышышты:

1. Эт жана эт азыктарын өндүрүү боюнча ишканалар;

2. Үрөнчүлүк чарбалар;

3. Асыл тукум малды көбөйтүү боюнча чарбалар;

4. Өндүрүштө жаңы инновациялык технологияларды ишке киргизген илимий-изилдөө мекемелери.

Сынактын жыйынтыктоочу жыйынында талапкерлердин баалоосунун жыйынтыктары боюнча мүчөлөрдүн корутундулары каралды. Сынактын лауреаттарын жана дипломанттарын аныктоо боюнча чечим Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын ыйгаруу боюнча Кеңеш тарабынан кабыл алынат.