Майлуулугу 2,5% жана 3,2% ды түзгөн пастеризацияланган сүттүн баасы 43-56 сомду түзөт, Региондор аралык башкы башкармалыгынын Талас бөлүмү баалар туруктуу бойдон калууда деп белгилейт

Новости
10-Июнь 2021-ж.
4326

2021-жылдын 10-июнунда Akipress.org “Tazabek” маалымат агенттиги Талас шаарында пастеризацияланган сүттүн баасы 82,5 сомго чейин көтөрүлгөндүгү жөнүндө маалымат жарыялаган.

Министрликтин тапшырмасы менен Талас региондук бөлүмү фото бекитүү менен тез арада пландан тышкары бааларга мониторинг жүргүздү. 2021-жылдын 10-июнунда саат 11.30да региондук бөлүм 2,5% менен 3,2% менен пастеризацияланган сүттүн баасы 43-56 сомду түзөт деп билдирди, ошол эле учурда баалар туруктуу экендигин белгилейт.

Akipress.org сайтынын “Tazabek” бөлүгүндөгү сүттүн баасы 82,5 сомго чейин көтөрүлгөндүгү жөнүндөгү маалымат “Бишкек Сүт” ААК тарабынан чыгарылган Ультрапастеризацияланган сүт жөнүндө маалымат болуп саналат, ал 2,5% майлуулугу менен “Веселый молочник” соода маркасында “PepsiCo” компаниясынын тобуна кирет.

Ультрапастеризацияланган сүттүн пастеризацияланган сүттөн айырмасы - 6 айдан 9 айга чейин сакталат, ошондуктан баасы андан жогору турат.

Ал эми “Веселый молочник” соода маркасы чыгарган жөнөкөй пастеризацияланган сүттүн баасы 43-56 сомду түзөт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу