Экономика министрлигинде республиканын БСке өтүү жөнүндө сүйлөшүүлөрү боюнча КРӨ алдындагы Ведомство аралык комиссиясынын кезектеги отуруму болуп өттү.

Новости
20-Октябрь 2013-ж.
2457

"IMG2013-жылдын 18-октябрында КР Экономика министрлигинин чоң залында Кыргыз Республикасынын Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке (БЭМ) жана Беларусь Республикасынын, Казахстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бажы союзуна (БС) кошулуу жөнүндө сүйлөшүүлөр боюнча комиссиянын төр агасы, министр Темир Сариевдин жетекчилиги астында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Ведомство аралык комиссиясынын кезектеги отуруму болуп өттү.

Бул отурум 2013-жылдын 23-октябрында Минск шаарында пландалган Кыргыз Республикасынын Бажы союзуна кошулуу маселелери боюнча Евразиялык экономикалык комиссиясынын Жумушчу тобунун 8-отурумунун алдында өткөрүлдү.

Жогоруда айтылган отурумдун күн тартибинин маселелеринин бири болуп Беларусь Республикасынын, Казахстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бажы союзуна (БС) Кыргызстандын кошулуу Жол картасынын долбоорунун 2013-жылдын 4-октябрына карата абалын талкуулоо саналат.
Отурумдун жүрүшүндө Жол карта долбооруна кошуу үчүн кыргыз тараптын сунуштары талкууланды.

Отурумдун жыйынтыгы боюнча министрликтерге жана ведомстволорго өздөрүнүн иш чаралар бөлүгүн аягына чыга иштеп жана бул иш чаралардын аткарылышына керектөөлөрдүн финансылык баасын жүргүзүп келүү тапшырылды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу