Экономика министрлиги «JTI-Kazakhstan» компаниясынын өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен КР мамлекеттик органдары үчүн ЖСТТ боюнча семинар өткөрүп жатат.

Новости
17-Октябрь 2013-ж.
2480

Бүгүн 2013-жылдын 18 – октябрында КР Экономика министрлигинде «JTI-Kazakhstan» компаниясынын өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен мамлекеттик бийликтин органдары үчүн Россия Фдерациясынын ЖСТТ тармагында иштеген Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу институтунун Жөнгө салуу таасирин баалоо (ЖСТБ) борборунун мүдүрү, социалдык илимдердин кандитаты, мамлекеттик башкаруунун теория жана тажрыйба кафедрасынын доценти Даниил Борисович Цыганковтун катышуусу менен жөнгө салуу таасирин талоо (ЖСТТ) боюнча тереңдетилген тренинг өтүп жатат.

Тренингдин негизги максаты – мамлекеттик органдардын кызматкерлери менен Россиянын, КМШ өлкөлөрүнүн жана алдыңкы катардагы чет элдик мамлекеттердин мисалында ЖСТТдагы жаңы ыкмаларды өздөштүрүү, ЖСТТ маселелери боюнча тажрыйба алмашуу.

Семинардын катышуучулары: ченемдик укуктук актыларды жана ЖСТТ долбоорлорун иштеп чыгууга катышкан мамлекеттик органдардын кызматкерлери, ЖСТТ чөйрөсүндөгү жергиликтүү эксперттер, КР Жогорку Кеңешинин жана Өкмөт Аппаратынын эксперттери.

Семнарды КР ЭМ Ишкердик ишти жөнгө салуу башкармалыгынын начальниги Арунова Индира ачты, ал семинардын максатын жана 2007-жылы Кыргызстанда башталган ЖСТТ системасын киргизүү боюнча Экономика министрлиги жана ЖСТБ борборунун кызматташтыгын улантуу жөнүндө ниетин билдирди. Мындан сырткары Экономика министрлиги тарабынан ЖСТТны иштеп чыгуу жаңы усулунун долбоору иштелип чыкты, аны ушул жылдын аягына чейин бекитүү болжолдонуп жатат деп айтып өттү.

Андан соң россиялык эксперттер (Д.Цыганков, М.Ткаченко) менен жөнгө салуу таасирин баалоонун түрлөрү жана түшүнүгү, этаптары, ар кандай мамлекеттерде ЖСТБ жүргүзүү тажрыйбалары, улуттук деңгээлдеги ченемдик укуктук актыларына ЖСТБ процессинин усулдары жана аларды уюштуруу, ошону менен бирге жеке ишкердикти жүргүзүү шарттарына БЭМ жана Бажы уюмунун координациялык органдарынын чечими үчүн Евразиалык экономикалык комиссия тарабынан иштелип чыккан актылардын долбоорлорунун таасирин баалоо жүргүзүү тажрыйбасын кайрадан иштеп чыгуу маселелери көрсөтүлдү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу