20-майда М.Рыскулбеков атындагы КЭУда эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү

Новости
21-Май 2021-ж.
3752

2021-жылдын 20-майында М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинде өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүү, интеграциялык процесстер, экономика тармактарын санариптештирүү жана улуттук экономиканын натыйжалуулугун жогорулатуу жана адамдык капиталды өнүктүрүү үчүн жаңы санариптик аспаптарды пайдалануу чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелерди талкуулоого арналган “Экономикалык реалдуулуктун жаңы чакырыктары” темасында эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Конференцияга мамлекеттик органдардын (КР Президентинин Администрациясы, КР министрлер кабинети, Экономика жана финансы министрлиги), коммерциялык уюмдардын (“Мегаком” компаниясы, Жогорку технологиялар паркы, экспортчулар жана импортерлор Ассоциациясы), илимий чөйрөнүн өкүлдөрү, ЖОЖдордун студенттери жана окутуучулары, анын ичинде ЖОЖ-өнөктөштөрүнүн өкүлдөрү: Урал мамлекеттик экономикалык университети (Екатеринбург шаары, РФ) жана "Нархоз" университети (Алматы шаары, Казакстан) катышышты.

Пленардык жыйында санариптик экономика үчүн инструменттерге маалыматтык технологияларды өнүктүрүүнүн келечектерине, аралыктан билим берүүнү өнүктүрүү тенденцияларына, адамдык капиталды өнүктүрүүгө, ЕАЭБге мүчө өлкөлөр ортосундагы соода мамилелерине арналган баяндамалар угулду.

Конференциянын негизи ЕЭК министри, экономика илимдеринин доктору, профессор, Россия Илимдер академиясынын академиги Глазьев С.Ю. иш-чаранын катышуучуларына видеокайрылуусу болду. Өз кайрылуусунда ал ЕАЭБ өлкөлөрүнүн Интеграция көйгөйлөрүн, коомдоштукка кирген бардык өлкөлөр үчүн бирдей атаандаштык чөйрөнү түзүү, товарлардын эркин ташылышын камсыздоо, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикаларынын өнүгүү деңгээлдерин теңдештирүү көйгөйлөрүн козгоду.

Конференцияда Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин экономикалык саясат башкы башкармалыгынын начальниги А. Абдекиров “Экономикалык реалдуулуктун жаңы чакырыктары” темасында баяндама жасады.

Конференциянын алкагында Президент С. Н.Жапаровдун элге Кайрылуусунда белгиленген экономикалык саясаттын максаттары жана милдеттери каралды жана 2026-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясын даярдоо жана ишке ашыруу жөнүндө маалымат берилди.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу