Талас облусунда “Коррупцияга каршы туруу саясаты: көйгөйлөр жана жергиликтүү деңгээлде эффективдүү ишке ашырууну жогорулатуу жолдору” аттуу регионалдык тренинг-семинар өткөрүлүп жатат.

Новости
15-Октябрь 2013-ж.
2596

"ИзображениеКР Президентинин 2012-жылдын 2-февралында № 26 жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы туруу саясаты мамлекеттик стратегиясы менен негизги артыкчылыктар белгиленген, алар – коррупциялык схемаларды жоюу, мамлекеттик органдардын тунуктугун жана жоопкерчилигин жогорулатуу, ошондой эле мамлекеттик органдардын жарандык коом менен өз ара аракеттешүүсү жана аны кабардар кылуу максатында мамлекеттик башкарууну жаңыртуу.

2013-2017-жылдарга КР Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук стратегиясында жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарын кеңири тартуу менен коррупцияга каршы күрөшүү чараларын ишке ашыруу муктаждыгы белгиленет. 2012-жылдын 30-августунда КР Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген “2012-2014-жылдарга коррупцияга каршы туруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чараларынын планын жана программасын” ишке ашыруу алкагында регионалдык өкүлчүлүктөрдүн стратегиялык ресурс катары жана коррупцияны алдын алуу чөйрөсүндө коррупцияга каршы чараларды ишке ашырууда өнөктөш катары маанилүү ролун билип 2013-жылдын 16-октябрында Талас облусунда “Коррупцияга каршы туруу саясаты: көйгөйлөр жана жергиликтүү деңгээлде эффективдүү ишке ашырууну жогорулатуу жолдору” аттуу регионалдык тренинг-семинар старт алды.

Ушундай окутуу семинарлар мамлекеттин бардык региондорунда өткөрүлөт. 18-октябрда Жалал-Абад облусунда, 19-октябрда Ош шаарында, 21-октябрда Баткенде болот. Ал эми бул тренингдер Нарын, Ыссык-Көл, Чүй облустарында октябрдын аягына чейин өткөрүлөт.

Бул семинар Дүйнөлүк банктын “Экономикалык башкаруу жагында дараметин арбытуу” долбоорунун колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги тарабынан уюштурулган.

Семинардын максаты – бул коррупцияга каршы туруу программаларын иштеп чыгуу, мамлекеттеги коррупцияга каршы туруу саясатын ишке ашыруунун жүрүшү менен тааныштыруу жана мониторинг жүргүзүү.

"ИзображениеМаксаттуу топ: мамлекеттик бийликтин территориалык органдарынын жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын, жарандык коомдун институттарынын өкүлдөрү жана жарандык активисттер.

Семинардын катышуучулары менен саламдашып жатып, КР Экономика министрлигинин коррупцияны алдын алуу саясаты бөлүмүнүн башчысы Т.Саякбаев мамлекеттик бийликтин системасына жарандардын ишенимин бекемдөө зарылчылыгын жана коррупцияны алдын алуунун туруктуу укуктук негизин түзүүнү белгилеп өттү.

КР Өкмөтүнүн Талас облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн биринчи орун басары Б. Жуманазаров маалымдагандай бул региондо Экономика министрлиги тарабынан уюштурулган семинар экинчи жолу өткөрүлуп жатат, бул өз кезегинде ыйгарым укуктуу органдарга өздөрүнүн билимдерин жогорулатууга, кудуретин күчөтүүгө жана коррупцияга каршы аракет кылуунун механизмдерин жаңы сапаттуу днгээлге чыгарууга мүмкүнчүлүк берет.

Ушуну менен бирге Экономика министрлигинин өкүлдөрү жана Дүйнөлүк банктын “Экономикалык башкаруу жагында дараметин арбытуу” долбоорунун консультанттары менен бирге төмөндөгүлөр даярдалып жана презентацияланган:

КР коррупцияга каршы саясатынын стратегиялык багыттары; Өкмөттүн Программасын жана ведомстволук программаларын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө; жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарында коррупцияга каршы аракет кылуу программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу; мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарында коррупциялык схемаларын жана тобокелдерин алдын алуу жана ачып чыгаруу механизмдери; коррупцияга каршы турууну экспертиза жасоо; мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары менен жарандык коом институттарынын өз ара аракеттешүүсү.

Теориялык маселелерди бекемдөө үчүн, топтордо жергиликтүү өзү өзү башкаруу органдарында кызыктар тараптардын араздарын ачыкка чыгаруу жана жоюу, саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармактарында коррупциялык аймактарды аныктоо, регионалдык өзгөчөлүгүн эске алуу менен бирге коррупциялык тобокелдерди жана схемаларды алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлдү.

Жумушчу топтордун презентацияларынын жыйынтыгында, коррупцияга каршы чараларды иштеп чыгуу тууралуу каралган багыттар боюнча кошумча кеңештер берилди.
Семинардын катышуучулары, коррупция сыяктуу көйгөйлөрдү бирдиктүү иш - аракет менен гана жеңүүгө мүмкүн деген ойго келишти. Бирге кызматташуунун деңгээлин жогору баалап, Талас облусунун өкүлдөрү региондо коррупцияга каршы чараларды жакшыртып жана эффективдүү өз ара аракеттешүү боюнча конструктивдүү жана активдүү иштерин мындан ары да улантууга өздөрүнүн умтулуусун билдиришти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу