Лицензиялар жана уруксат берүүчү документтер боюнча маалымат порталы ишке киргизилди

Новости
14-Май 2021-ж.
4187

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги Эл аралык финансы корпорациясы (IFC) менен биргеликте лицензиялар жана уруксат берүүчү документтер жөнүндө толук маалыматтарды камтыган бирдиктүү портал иштеп чыгышты.

Лицензиялар жана уруксат берүүчү документтер тууралуу маалымат төмөнкү шилтемеде: http://www.elicense.gov.kg/

Лицензиялардын жана уруксат берүүчү документтердин бирдиктүү электрондук порталын түзүүнүн максаты:

- ишкердик иш жүргүзүү үчүн берилүүчү уруксат документтердин/ административдик жол-жоболордун толук тизмегин түзүү 

- убактылуу чыгымдарды кыскартуу, активдүү маалыматтарды алуу;

- лицензияларды жана уруксаттарды берүүнүн автоматташтырылган системасы үчүн негиздерди түзүү.

Маалыматтык порталды түзүү уруксат берүүчү документтер тууралуу толук маалыматты өзүнө камтыган бирдиктүү системанын жоктугу, ошону менен бирге электрондук реестрлердин көп түрдүүлүгү бардык лицензиарлардын реестрлерин бир системага бириктирүүгө мүмкүндүк берген эмес.

Бул порталда ишкердик иш-аракеттеринин жүрүшүндө иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон бардык уруксат кагаздары жана жол-жоболор жөнүндө маалыматтар камтылган, анын ичинде каалаган белгиленген формада уруксат берүү, мамлекеттик реестрлерге киргизүү, атайын укук берүү, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жыйымдарды өндүрүү.

Мамлекеттик органдар берилген уруксат кагаздарын инвентаризациядан өткөрүп, учурда маалыматтарды порталга киргизүүдө.

Бул процесс уруксат берүүчү мүнөзгө ээ документтерди берген бардык мамлекеттик органдар ишке тартылган.

Ошол эле учурда, бул портал маалыматтык, кийинки кадам - уруксат берүү процедураларын автоматташтыруу болуп саналат.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу