Экономика министрлигинде жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү укуктук жана фискалдык негиздер боюнча эл аралык тажрыйбасы тууралуу семинар болуп өтөт.

Новости
10-Октябрь 2013-ж.
2414

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Чоң залында “Өнүгүү үчүн минералдык ресурстар” GIZ программасынын жана USAID РЕФОРМА долбоорунун демилгеси менен үстүбүздөгү жылдын 12-октябрында саат 9:30 дан 14:00 гө чейин семинар болуп өтөт. Семинардагы презентациялар:

- “Сүйлөшүү процесси. Сүйлөшүүлөргө даярдануу”;
- “Кайталанган сүйлөшүүлөр, арбитраж жана ийкемдүүлүк маселелери, анын ичинде неигзги маселелерди жана көйгөйлөрдү талкуулоо”.

Бул семинар ылайыктуу ченемдик укуктук базаны мындан ары да жакшыртуу жана мамлекеттин минералдык ресурстар секторуна туруктуу инвестицияларды тартуу үчүн жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү укуктук жана фискалдык негиздер боюнча эл аралык тажрыйбасы жактан билимдерин жана тажрыйбасын бекемдөөгө багышталган.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу