⚠️ ВНИМАНИЕ! Данный сайт министерства больше не актуален. Перейдите на новый официальный сайт министерства: 🔗 Перейти сейчас

КР Экономика жана финансы министрлигинин жамааты бир күндүк эмгек акысын Баткен облусунун тургундарына жардам катары которот

Новости
04-Май 2021-ж.
3225

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин борбордук аппаратынын жана ведомстволук уюмдарынын кызматкерлери бир күндүк эмгек акысын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы тирешүүлөрдүн натыйжасында жабыркаган Баткен облусунун тургундарына көмөк иретинде которот.

КР Экономика жана финансы министрлигинин жамааты чек ара жаңжалынын натыйжасында каза болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат. Жабыр тарткан жарандарыбызга тезирээк сакайып кетүүсүн, элибизге ачык асман жана гүлдөп өсүүнү каалайбыз.