“КР лицензиялоо – уруксат берүү системасы жөнүндө” мыйзам мамлекеттин Президентине кол коюуга киргизилди.

Новости
10-Октябрь 2013-ж.
2368

Үстүбүздөгү жылдын 3-октябрында Жогорку Кеңештин № 3500-V токтому менен Кыргыз Республикасынын “КР лицензиялоо – уруксат берүү системасы жөнүндө” кабыл алынган мыйзам мамлекеттин Президентине кол коюуга киргизилди.

Бул Мыйзам КР лицензиялоо-уруксат берүү системасын оптималдаштырууга багытталган. Аны менен бирге лицензиялоонун негизги принциптерин аныктайт, ал өзүнө лицензиялана турган иш-аракеттердин түрлөрүнүн тизмесин, операцияларын, лицензиялык контролдун жол-жоболорун, лицензияларды жана уруксаттарды токтотуп турууну жана жокко чыгарууну камтыйт.

Мыйзам калктын өмүрүнө жана ден соолугуна, айлана чөйрөгө, коомдук жана мамлекеттик коопсуздукка реалдуу коркунуч туудурган иш-аракеттердин түрлөрүнө гана лицензиялоо киргизилишин өз ичине алат.

Бул Мыйзамды кабыл алуу бизнестин өнүгүүсүнө алардын иш-аракеттеринин атаандаштыкка жарамдуусун жогорулатууга ылайыктуу шарттарды түзүү, тунуктук жана ачыктык принциптери, бардык лицензиаттар үчүн бирдей шарттарды түзүү, кошумча лицензияларга тыюу салуу, техникалык жөнгө салууну киргизүүдө лицензиялоону жокко чыгаруу процедурасы ж.б. аркылуу түрткү берет.

Мыйзамга кол коюлгандан кийин мыйзамдан келип чыгуучу актыларды иштеп чыгып, бардык тармактык Мыйзамдарды көрсөтүлгөн Мыйзамга туура келтирүү зарыл.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу