Кыргыз Республикасында Товарларды ташууда навигациялык пломбаларды колдонуу менен байкоо жүргүзүү системасынын улуттук оператору аныкталды

Новости
28-Апрель 2021-ж.
2567

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-ноябрындагы №547 “Товарларды ташууда навигациялык пломбаларды колдонуу менен байкоо жүргүзүү системасынын улуттук операторун тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна ылайык өткөрүлгөн тандап алуу жыйынтыгында Товарларды ташууда навигациялык пломбаларды колдонуу менен байкоо жүргүзүү системасынын улуттук операторун тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссиясы тарабынан “АМАП КР” “Кыргыз Республикасынын эл аралык автомобилдик жүк ташуучулар ассоциациясы” юридикалык жактардын бирикмеси аныкталган.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги 3 жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Улуттук операторду аныктоо жөнүндө чечиминин долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизет.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу