Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин жыйынынын жыйынтыктары

Новости
27-Апрель 2021-ж.
3020

2021-жылдын 22-23-апрелинде видеоконференцбайланыш режиминде Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү (мындан ары-ЕЭК Кеңеши), анын жүрүшүндө ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин соода-экономикалык кызматташтыгы, бажы жана техникалык жөнгө салуу, эл аралык кызматташтык, ЕАЭБдин санариптик күн тартиби, санитардык жана фитосанитардык чаралар, энергетика жана ЕАЭБдин ички рынокторунун иштеши боюнча маселелери каралды.

ЕЭК кеңешинин жыйынынын жыйынтыгында бир топ чечимдер кабыл алынды.

Мамлекеттер аралык программанын максаты - бөлүштүрүлгөн энергетикалык объектилерге мониторинг жүргүзүүнүн жана контролдоонун заманбап каражаттарын, өнөр жай өндүрүш тармагын ийгиликтүү өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүчү материалдарды, технологияларды жана шаймандарды, ар кандай булактарынын жана бөлүштүрүлгөн генерациялардын байланышын камсыз кылган энергетикалык жабдууларын, энергетикалык жана экологиялык коопсуздукту жана ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин көз карандысыздыгын камсыздоо үчүн топтоо системасын түзүү;

  • “Ашыкча басым астында иштеген шаймандардын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентке өзгөртүүлөр киргизилген.

Өзгөртүүлөр техрегламенттин түшүндүрмө аппаратын корректировкалоону, аны жайылтуу чөйрөсүн тактоону, ошондой эле колдонуу практикасын эске алуу менен техникалык оңдоолорду киргизүүнү камтыйт.

Ошондой эле ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү тарабынан ЕАЭБ мамлекеттеринде товарларды тышкы электрондук соода жүргүзүү жагында пилоттук долбоорлорду жүргүзүүнүн айрым маселелери, тамеки жана алкоголдук продукцияларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоону киргизүү жөнүндө жана ЕАЭБде ташууларды көзөмөлдөө үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу тууралуу макулдашуунун долбоору талкууланды.

ЕЭК кеңешинин кийинки жыйынын 18-майда өтөт.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу