Парламент “КР лицензиялоо – уруксат берүү системасы жөнүндө” мыйзам долбоорун жактырды.

Новости
02-Октябрь 2013-ж.
2734

Бүгүн 3-октябрда Жогорку Кеңештин отурумунда экинчи жана үчүнчү окуусунда “КР лицензиялоо – уруксат берүү системасы жөнүндө” мыйзам долбоорун кабыл алды.

Бул Мыйзам КР лицензиялоо-уруксат берүү системасын оптималдаштырууга багытталган. Аны менен бирге лицензиялоонун негизги принциптерин аныктайт, ал өзүнө лицензиялана турган иш-аракеттердин түрлөрүнүн тизмесин, операцияларын, лицензиялык контролдун жол-жоболорун, лицензияларды жана уруксаттарды токтотуп турууну жана жокко чыгарууну камтыйт.

Мыйзам калктын өмүрүнө жана ден соолугуна, айлана чөйрөгө, коомдук жана мамлекеттик коопсуздукка реалдуу коркунуч туудурган иш-аракеттердин түрлөрүнө гана лицензиялоо киргизилишин өз ичине алат.

Бул Мыйзамды кабыл алуу бизнестин өнүгүүсүнө алардын иш-аракеттеринин атаандаштыкка жарамдуусун жогорулатууга ылайыктуу шарттарды түзүү, тунуктук жана ачыктык принциптери, бардык лицензиаттар үчүн бирдей шарттарды түзүү, кошумча лицензияларга тыюу салуу, техникалык жөнгө салууну киргизүүдө лицензиялоону жокко чыгаруу процедурасы ж.б. аркылуу түрткү берет.

Онлайн кайрылуу