Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги коомдук талкуу башталгандыгы жөнүндө билдирет

Новости
22-Апрель 2021-ж.
2939

Евразия Экономикалык комиссиясынын https://docs.eaeunion.org/pd/ru-ru/0105824/pd_31032021 сайтында коомдук талкуулоо өткөрүү үчүн Бажы бирлигинин “Таңгактын коопсуздугу жөнүндө” (ББ ТР 005/2011) техникалык регламентинин техникалык регламентти колдонуу практикасынын натыйжалары боюнча анын айрым талаптарын тактоо бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоору жайгаштырылган. 

Өзгөртүүлөрдүн долбоорунда бир жолку полимердик буюмдарды пайдаланууну чектөөгө багытталган европалык директивалардын талаптары менен техникалык регламенттин талаптарын шайкештигин карайт.

Өзгөртүүлөрдүн долбоорун коомдук талкуулоону аяктоонун пландаштырылган күнү - 2021-жылдын 23-июну. Өзгөртүүлөрдүн долбооруна карата сын-пикирлер жана сунуштар ЕЭКке жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине коомдук талкуулоонун мөөнөтү аяктаганга чейин берилиши керек.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу