Экономика министрлигинде евразиялык интеграция жана КР Бажы союзуна кошулуу жалпы маселелери боюнча семинар болуп өттү.

Новости
08-Октябрь 2013-ж.
2642

"IMG2013-жылдын 8-октябрында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин кичи залында евразиялык интеграция жана бажы – тарифтик, тарифтик эмес жөнгө салуу, соода жана финансылык саясат тууралуу жалпы маселелер боюнча семинар-консультациялар болуп өттү.

Бул семинарды өткөрүү үчүн Бишкек шаарына Кыргыз Республикасынын Бажы союзуна кошулуу маселеси боюнча Жумушчу топтун жоопкерчиликтүү катчысы В.Ф. Черныцин башында турган Евразиялык экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) тийиштүү Департаменттеринин өкүлдөрү келишти.

Ушуну менен бирге башка министрликтерде жана ведомстволордо да тармактык багыттар боюнча анын ичинде санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык чаралар боюнча, транспорттук, бажылык администрлөө жана статистика боюнча консультациялар өтүп жатат.

Бул семинарга республиканын тийиштүү министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрү чакырылган.
Семинардын жүрүшүндө ЕЭКтин өкүлдөрү евразиялык интеграция, бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу, соода жана финансы саясаты боюнча жалпы маселелер тууралуу презентацияларды көрсөтүштү, андан кийин тармактык маселелер боюнча ЕЭКтин өкүлдөрү менен КР мамлекеттик органдардын кызматкерлерине керектүү консультациялар өткөрүлгөн.

Евразиялык интеграция жалпы маселелери боюнча презентацияларды алуу үчүн төмөндөгү телефон номери аркылуу кайрыла аласыздар.
Тел. 620535+194

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу