Экономика министрлигинде КР МЖӨ механизмдерин колдонуу боюнча семинар болуп өттү.

Новости
03-Октябрь 2013-ж.
2404

"IMGБүгүн 4-октябрда Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Чоң залында “Кыргыз Республикасында МЖӨ механизмдерин колдонуу боюнча тажрыйбалык кадамдар” мамлекеттик жеке өнөктөш боюнча министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрүнүн катышуусу менен семинар болуп өттү.

Семинардын жүрүшүндө, МЖӨ долбоолорун ишке ашыруу менен байланышкан жана мындан аркы кадамдары тууралуу маселелер талкууланды.
Мындан сырткары, мыйзам чыгаруу базасы боюнча презентациялар көрсөтүлүп, анын ичинде кабыл алынган ЧУАлар жөнүндө дагы сөз жүрдү, ал МЖӨ долбоорлорун демилгелөө жагында практикалык тегиздикке өтүүдө жана тендердик процедураларды жүргүзүүдө мамлекеттик органдар жана Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары үчүн негиз болуп саналат.

Семинардын катышуучулары МЖӨнүн институционалдык негиздери боюнча толук маалымат менен таанышышты. Мындайча айтканда МЖӨ долбоорлорун жүргүзүүдөгү баштапкы стадиясында Министрлик менен кандай институционалдык механизмдер киргизилип жатканы тууралуу маалыматтар. А дегенде Техника-экономикалык негиздемени каржылоо инструменттери жана тандалып алынып өзүнө бирдейлештирүүнү, потенциалдуу долбоорлорду даярдоону, тендер өткөрүүнү жана МЖӨ долбоорлорунун ишке ашырууну контролдоону камтыган МЖӨ долбоорлору боюнча транзакциялык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматтар берилди.

КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Бишкек шаарынын мэриясынын, Транспорт жана коммуникация министрлигинин өкүлдөрү МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу боюнча өздөрүнүн презентацияларын көрсөтүштү, алар МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруунун жүрүшүндөгү тажрыйбасы жана кыйынчылыктары менен бөлүшүштү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу