2021-жылдын 31-мартында “Соода жана санариптештирүү аркылуу инклюзивдүү өнүгүүнү колдоо” ЕБ долбоорунун онлайн иш-чарасы өтөт

Новости
30-Март 2021-ж.
3137

2021-жылдын 31-мартында саат 13:45-16:00

Борбордук Азиядагы Ready4Trade онлайн-иш-чарасы

“Соода жана санариптештирүү аркылуу инклюзивдүү өнүгүүнү колдоо”

Аталган жогорку деңгээлдеги иш-чаранын максаты - долбоордун негизги өнөктөштөрүнө жана кызыкдар тараптарга долбоордун даярдык этабынын негизги жыйынтыктары, жетишилген алгачкы натыйжалар жана долбоордун кийинки үч жылындагы пландаштырылган иш-аракеттери менен тааныштыруу.

Катышуучулар Кыргыз Республикасында сооданы жөнөкөйлөтүү жана электрондук сооданы өнүктүрүү боюнча өзүлөрүнүн сын-пикирлерин, муктаждыктарын жана артыкчылыктарын билдирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министринин биринчи орун басары Данияр Иманалиев ачат, Эдуард Ауэр мырза, Европа Бирлигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы Памела Кок-Гамильтон айым, ITCдин аткаруучу директору сөз сүйлөшөт.

Маалымат үчүн: Борбордук Азиядагы Ready4Trade долбоору транс чек аралык талаптардын ачык-айкындуулугун жогорулатуу жолу менен Борбордук Азиянын беш өлкөсүндө (БА) региондук жана эл аралык сооданын ички өнүгүүсүн өнүктүрүүгө, жол-жоболорду жана стандарттарды сактоо боюнча бизнес мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөөгө, ошондой эле транс чек аралык электрондук сооданы өркүндөтүүгө багытталган. Долбоор эл аралык соода борбору (ЭСБ) тарабынан улуттук өнөктөштөр менен тыгыз кызматташтыкта ишке ашырылууда.

Долбоор Европа Бирлиги тарабынан каржыланууда.

Иш-чарага катталуу үчүн төмөнкү шилтемени колдонуңуз: https://intracen.zoom.us/meeting/register/tJwtdu6opj4tEtdQWzo9UA27NIqrHH3JjwM9

Катталган соң иш-чарага катышуу үчүн шилтеме аласыз.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу