Экономика министрлигинде «Жер казынасы жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү долбоору даярдалып жатат.

Новости
06-Октябрь 2013-ж.
2460

Кыргыз Республикасынын экономика министрлиги тарабынан «Жер казынасы жөнүндө» мыйзамын жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 9-августундагы №160 «Жер казынасы жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү үчүн 2013-жылы 3-октябрда ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн.

Ведомстволор аралык жумушчу топко 2013-жылдын 10-ноябрына чейинки мөөнөттө «Жер казынасы жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча долбоорун иштеп чыгуу тапшырмасы берилген.

Ведомстволор аралык жумушчу топко Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрү киргизилген, алар:

Касымалиев А.А. – министрдин орун басары – водомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;
Алимбеков А.М . – жаратылыш ресурстары саясат башкармалыгынын начальниги;
Акматалиев А.И. – жаратылыш ресурстары саясат башкармалыгынын жер казынасын пайдалануу саясат бөлүмүнүн башчысы;
Рыскулов У.Д. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлкеттик агенттигинин маалыматтык ресурстар башкармалыгынын начальниги (макулдашуу боюнча);
Асанов А.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлкеттик агенттигинин укуктуу камсыздоо бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча);
Шаболотова З.Ф. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлкеттик агенттигинин маалыматтык ресурстар башкармалыгынын башкы адиси, МКЗ боюнча секретарь (макулдашуу боюнча);
Дюшеев А. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлкеттик агенттигинин тоо кендерин казып чыгаруучу өнөр жай жана жер казынасын коргоо башкармалыгынын башкы адиси (макулдашуу боюнча);
Оселедько Л.А. – көз каранды эмес эксперт (макулдашуу боюнча);
Жорупбекова А. - көз каранды эмес эксперт (макулдашуу боюнча);
Балыбаева А.М.. - «Каликова энд Ассошиэйтс» Юридикалык фирмасынын юристи (макулдашуу боюнча);
Ибраев К.Э. - Кыргыз Республикасынын казып алуу тармагынын тунуктугу демилгеси боюнча секретариаттын жетекчиси (макулдашуу боюнча);
Омурзаков Б.А - эл аралык ишке байланыштуу кеңешинин минералдык ресуртар боюнча комитетинин төр агасы (макулдашуу боюнча).

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу