“Яр-Марка” Соода үйү” ЖЧК макулдашуунун катышуучусу

Новости
24-Март 2021-ж.
3471

2021-жылдын 24-мартында “Яр-Марка” Соода үйү” ЖЧК жана Кыргыз Республикасынын шекер керектөөчүлөр ассоциациясы Соода түйүнүн түзүү жолу менен азык-түлүк товарларын сатуу боюнча соода ишин жүргүзгөн чарбакер субъекттердин ортосунда буга чейин түзүлгөн азык-түлүктүн бааларын кармап туруу боюнча чараларды көрүү жөнүндө Макулдашууга кол коюшту, ал 2021-жылдын 9-мартынан 2021-жылдын 1-июнуна чейин күчүндө болот.

“Яр-Марка” Соода үйү” ЖЧК Макулдашууда белгиленген чекене баалар боюнча калк тарабынан азык-түлүк товарларын сатып алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн зарыл болгон аракеттерди жана чараларды көрүүгө даяр экендигин белгилөө кубанычтуу.

Макулдашуунун предмети - азык-түлүктүн 4 түрүнө бааны кармап туруу боюнча чараларды көрүү:

- күн карама майы (премиум сегментсиз);

- 1-сорттогу;

- кумшекер;

- 1-сорттогу ундан жасалган нан.


Аталган продукцияларды КР аймагындагы соода түйүндөрүндө сатуу Макулдашууда белгиленген чекене баалар боюнча жүргүзүлөт.


Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги Макулдашууга кол койгон ишкерлерге көрсөткөн социалдык жоопкерчилиги үчүн ыраазычылык билдирет. 


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу