Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 14-августундагы №125 “Кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар боюнча карыздарды, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча айып пулдарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө” Мыйзамы тууралуу маалымат

Новости
23-Март 2021-ж.
4505

Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 14-августундагы №125 “Кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар боюнча карыздарды, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча айып пулдарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө” Мыйзамы кабыл алынган, ал КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-июнундагы №290 токтому менен жактырылган.

Ушул Мыйзам COVID-19 коронавирус инфекциясы пандемиясынын (мындан ары-коронавирус) шартында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү жана салыктар боюнча эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар, айып пулдар боюнча карыздарын реструктуризациялоо жолу менен кабыл алынган.

Салыктар жана социалдык чегерүүлөр боюнча карыздарды кыскартуу милдети Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн социалдык туруктуулукту жана экономикалык туруктуулукту камсыз кылуу боюнча биринчи кезектеги иш-чаралар планына киргизилген, анын жыйынтыгында Мамлекеттик салык кызматы жана Социалдык фонд тарабынан ишканаларды жакшыртуу жана карыздарды кыскартуу боюнча чараларды көрүү күтүлүүдө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 25-февралындагы №117 токтому менен бекитилген.

Мында салык карыздары жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн карыздары ушул Мыйзамда каралган тартипте жана шарттарда реструктуризацияланууга тийиш.

1. Салык төлөөчүлөр 2020-жылдын 1-июлуна карата абал боюнча түзүлгөн салыктарды өз убагында төлөбөгөндүгү жана (же) толук эмес төлөгөндүгү үчүн кошуп эсептелген туумдарды жана салыктык санкцияларды төлөө милдеттенмелеринен төмөнкүдөй көлөмдөрдө жана учурларда эсептен чыгаруу жолу менен бошотулат:

1) 100 пайыз - 2021-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө салыктардын негизги суммалары боюнча негизги карыздар толугу менен жоюлганда;

2) 50 пайыз - 2021-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө салыктардын негизги суммалары боюнча негизги карыздар толугу менен жоюлганда.

Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр 2020-жылдын 1-июлуна карата абал боюнча түзүлгөн камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында төлөбөгөндүгү жана (же) толук эмес төлөгөндүгү үчүн кошуп эсептелген туумдарды жана айып пулдарды төлөө милдеттенмелеринен төмөнкүдөй көлөмдөрдө жана учурларда эсептен чыгаруу жолу менен бошотулат:

1) 100 пайыз - 2021-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча негизги карыздар толугу менен төлөнгөндө;

2) 50 пайыз - 2021-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча негизги карыздар толугу менен төлөнгөндө.

Ушуга байланыштуу кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салык санкциялары, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарын жоюу мүмкүнчүлүктөрүн колдонууну сунуштайбыз.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу