Ак ниеттүү башкаруу аркылуу коррупцияга каршы туруу семинарынын жыйынтыгы боюнча тиешелүү тастыктамалар тапшырылды.

Новости
29-Сентябрь 2013-ж.
2330

"IMGКыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Коррупцияга каршы туруу форумунун ишинин алкагында коррупцияга каршы саясат боюнча мамлекеттик органдардын алдындагы Коомдук байкоочу кеңештин (КБК) өкүлдөрү үчүн “Ак ниеттүү башкаруу аркылуу коррупцияга каршы туруу” темасында КБК Координациялык кеңешинин демилгеси менен КР Экономика министрлигинин, ПРООН-USAID “Мамлекеттик бюджеттин тунуктугуна жардам көрсөтүү” долбоорунун жана КР Коррупцияга каршы туруу ишкердик кеңешинин (ККТИК) жардамы менен 2013-жылдын 23-сентябрынан 27-сентябрына чейин тренинг-семинар болуп өттү.

Бул тренинг-семинардын лекторлору болуп “Экономикалык башкаруу тармагында потенциалдарын өнүктүрүү” долбоорунун консультанттары жана министрликтердин, ведомстволордун Коомдук байкоочу кеңешинин өкүлдөрү чыгышты.

Жогоруда айтылган тренинг-семинардын жыйынтыгында угуучулар үчүн тиешелүү тастыктамалар тапшырылды.
Тренингдин максаты болуп, КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августунун №596 “2012-2014-жылдарга коррупцияга каршы туруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чараларынын планын жана программасын бекитүү жөнүндө” Токтомунун алкагында коррупцияга каршы туруу программасынын жана министрликтерде, ведомстволордо коррупцияга каршы аракет кылуу боюнча Өкмөттүн планын ишке ашыруудан кийинки жыйынтыктарын сапаттуу мониторингдөө, анализдөө жана верификациялоо үчүн КБКнын дараметин жогорулатуу саналат.

"IMG

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу